2020-жылдын жергиликтүү бюджеттери: АЙМАКТАР ӨЗ КӨЙГӨЙЛӨРҮН ЧЕЧЕ АЛЫШАБЫ?

2020-жылдын жергиликтүү бюджеттери: АЙМАКТАР ӨЗ КӨЙГӨЙЛӨРҮН ЧЕЧЕ АЛЫШАБЫ?

Жергиликтүү тургундар айткан көйгөйлөр кайсылар жана аларды кийинки жылы чечүүгө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кудурети жетеби? Айылдык аймактарда кайсы маселелер элдин көкөйүнө жетип калса дагы, канча жылдан бери чечилбей келет? Жетишпей жаткан акча каражаттарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары каяктан алышат?

Ушул жана башка көйгөйлүү маселелер “2020-жылдын жергиликтүү бюджеттери: аймактар өз көйгөйлөрүн чече алышабы?” деген аталыштагы эки пресс-сессиянын жүрүшүндө талкууланды. Иш-чара 2019-жылдын 12-сентябрында Нарын шаарында жана 16-сентябрда Ош шаарындагы “АКИпресс” пресс-борборунда болуп өттү. 

Иш-чараларга эки облустун жергиликтүү журналисттери жана ЖМК өкүлдөрү катышып, алар менен жолугушууга жана суроолорго жооп берүүгө КР Финансы министрлигинин Нарын жана Ноокат райондук бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Көк-Жар, Шарк жана Ак-Муз айылдык аймактарынын финансы-экономика бөлүмдөрүнүн жетекчилери келип катышышты.

Катышуучуларга берилген маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына, Өкмөттүн аракеттерине жана 2018-жылы көрүлгөн чараларга карабастан, акыркы беш жылдын ичинде жергиликтүү жана республикалык бюджеттердин жалпы кирешелеринде жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин үлүшүндө эч кандай өсүш байкалбай келет. Абсолюттук туюнтмада 2018-жылы жергиликтүү бюджеттердин жыйынды көлөмү 2017-жылга салыштырганда атүгүл төмөндөп кеткен. Натыйжада, ЖӨБ органдарына өз функцияларын жана өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды сапаттуу аткаруу үчүн ресурстар жетишпей жатат[1]. А бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерге кирген жолдорду, таза суу менен камсыздоону, социалдык объекттерди жана башка көптөгөн багыттарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен сапаттуу чечүү үчүн жетиштүү финансылык мүмкүнчүлүктөрү жокко эсе экендигине карабастан  болгон аракеттерин жумшап келишүүдө. Анткени шаарларда жана айылдарда шарттарды түзүүгө так ошолор жооптуу.

“2017-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, өлкөнүн бардык айылдык жана шаардык муниципалитеттеринде 1 жылда 2 жолу коомдук бюджеттик угуулар[2] өткөрүлүүсү шарт. Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүүгө жардам катары 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Долбоордун биргелешкен иш аракеттеринин алкагында жергиликтүү бюджет боюнча КБУларды өткөрүү боюнча усулдук колдонмо иштелип чыгып, беш облуста коомдук угууларды өткөрүү боюнча окуулар уюштурулду, жарандык бюджет түрүндө баннерлер таркатылды.  Бюджеттик кодекстин талаптарына ылайык, 2019-жылдын жай мезгилинде Кыргызстандын дээрлик бардык облустарындагы аймактарда 2020-жылга карата түзүлгөн жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун талкуулоого арналган коомдук угуулар болуп өттү. Жалпылап алганда, өлкө боюнча 330 айылдык аймакта коомдук угуу өткөрүлүп, аларга 28 055 адам катышып, анын ичинен 11 883 аялдар түздү. Өткөрүлгөн коомдук угуулардын жыйынтыгы боюнча 3 221 сунуш түшүп, алардын 1 675и талкууланган жергиликтүү бюджеттердин долбоорлоруна киргизилген. Мисалы, Ош облусу жалпы рейтингде экинчи орунду ээледи – облустун аймагында 72 айылдык аймакта коомдук угуу өткөрүлүп, аларга 6 936 адам катышкан (салыштырма үчүн: 2018-жылы коомдук угуулар 56 айылдык аймакта өткөрүлүп, жалпы катышуучулардын саны 5 736 адамды түзгөн). Иш-чаралардан келип түшкөн сунуштардын саны жалпысынан 774 болуп, алардын ичинен кийинки жылдын бюджеттерине 357 сунушу эске алынган”, – деди Азамат Мамытов.

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы журналисттерге өз айылдык аймагында коомдук угуу ларды өткөрүү практикасы менен бөлштү: “Биз бул Долбоор менен кызматташканга чейин эл менен деле бюджетти талкууга алып чыкпайт элек чынын айтканда. Жергиликтүү кеңештин отурумунда айыл өкмөтү менен бирге карап, кийинки жылдын бюджетин учурдагы бюджетке салыштырмалуу же өз пикирибиз боюнча маанилүү деп эсептелген маселелерди чечүүгө багыттап коет элек. Ал эми 2017-жылдан тарта Швейцария өкмөтүнүн “Элдин үнү...” долбоорунун алкагында биз көптөгөн окуулардан өтүп, жергиликтүү тургундарыбызды бюджетти талкуулоодон тарта анын аткарылышына чейин аларды активдүү катышуусу абадай зарыл экендигин түшүндүк. Анткени элдин пикирин угуп, көйгөйлөрдү биргелешеип аныктоо  механизми – ЖМБА сессиялары аркылуу биз, ЖӨБ органдары, чыныгы көйгөйлөйрдү аныктап, аларды өз тургундарыбыз менен биргеликте артыкчылыгына карап тизмелөөнү, аларды колубузда бар ресурстар менен чечсе боло тургандыгын да түшүндүк. Ушул эле долбоордун жардамы менен биз 2020-2022-жылдарга Социалдык-экономикалык өнүгүү Программабызды өз алдыбызча иштеп чыгып, ага өзүбүздүн жергиликтүү тургундарыбыз тараптан айтылган көйгөйлөрдү камтыдык, каржы булактарын да белгилеп, аларды чечүү жолдорун аныктап алдык”, – деди айылдык кеңештин төрагасы.

Ноокат жана Нарын райондорунун ФЭБ жетекчилери өз райондорунда коомдук угууларды өткөрүү практикасы жыл сайын өсүп жатканын белгилеп, бул тажрыйба жергиликтүү бюджеттердин ачык-айкындуулугун камсыздоодо эң мыкты аспап экендигин айтышты. 

Пресс-сессия Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору тарабынан уюштурулуп, муниципалдык финансы боюнча адиси Азамат Мамытов жана коомдук байланыш боюнча адис Нургуль Жаманкулова тарабынан өткөрүлдү. 

 

[1] http://dpi.kg/ky/press-room/news/full/1476.html

[2] Коомдук бюджеттик угуулар - бул коомдук пикирди иликтөө, сунуштарды, сунуштамаларды алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн аткаруу бийлик органдарынын жана ЖӨБ органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү ачык талкуулоо формасындагы иш-чара.