Кыргызстандын дагы төрт айылдык аймагы өз веб-сайттарына ээ болушту!

Кыргызстандын дагы төрт айылдык аймагы өз веб-сайттарына ээ болушту!

Веб-сайт менен иштөө боюнча практикалык семинар 2019-жылдын 18-19-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында болуп өттү.

Веб-сайт менен иштөө боюнча практикалык семинар 2019-жылдын 18-19-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында болуп өттү.  Семинарга жалпысынан 10 адам катышып, анын натыйжасында Кыргызстандын аймагында төрт жаңы муниципалдык веб-сайт иштеп баштайт:

  • www.min-kush.kg
  • www.jany-jer.kg
  • www.kabak.kg
  • www.rechka.kg

Бул жолу веб-сайт түзүүдө техникалык жардам суранып, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер жана Ысык-Ата районуна караштуу Краснореченка, Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш жана Кабак айылдык аймактарынын ЖӨБ органдары "Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги" Долбооруна кайрылышкан.

Иш-чаранын биринчи күнү катышуучулар жаңы түзүлгөн муниципалдык веб-сайттардын техникалык түзүмү жана ага ылайык программалык камсыздоо, сервистик функциялары жана файлдарды башкаруу, веб-сайттын ички баракчаларына шилтемени түзүү жана ар бир бөлүмгө ылайык маалыматты даярдоо жана киргизүү тууралуу маалымат алып, күндүн экинчи бөлүгүндө практикалык иш аткарышты.   

Веб-сайт менен иштөө боюнча практикалык семинардын экинчи күнүнө "Онлайн жарандык бюджет" тууралуу маалымат берилүүчү атайын сессия камтылды. Мындан сырткары, веб-сайттагы Сүрөт галереясына сүрөттөрдү редакциялоо жана жайгаштыруу, алардын шилтемелерин жаңылыктар менен байланыштыруу жана андан ары иштөө тууралуу толук маалымат алышты1.

“Семинардын баштапкы прграммасында бул сессия жок болчу, анткени Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жарандык бюджет милдеттү түрдө ачыкталып, жарыяланышы керек деген талаптары жаңы эле киргизилип, бул багытта биздин Долбоордун алкагында 2019-жылдын жаз айларында Кыргызстандын беш облусунун бардык муниципалитеттеринин финансы-экономика бөлүмдөрүнүн башчылары үчүн КР Финансы мнистрлиги менен биргеликте атайын практикалык октууларды өткөргөнбүз. Анын натыйжасында Долбоордун алкагында иштелип чыгып, КР Финансы министрлигинин расмий сайтынын платформасында жайгаштырылган онлайн жарандык бюджет WEB-тиркемесине (www.gb.minfin.kg) толук маалымат киргизилген. Ошол маалымат ЖӨБ органдары тарабынан жыл сайын жаңыланып, жайгаштырылып турушу керек”, – деди Сабина Градваль, "Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги" Долбоорунун жетекчисинин орун басары.

Практикалык семинар Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. 

 

******

1 Муниципалдык веб-сайттарга жайгаштырылган маалыматтар жакынкы аралыкта такталат жана толукталат