Швейцариянын КРдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Вероник Ульманн Кара-Суу муниципалитетинин ЖӨБ органдары менен жолугушту

Швейцариянын КРдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Вероник Ульманн Кара-Суу муниципалитетинин ЖӨБ органдары менен жолугушту

Жолугушуу Элчи айымдын Нарын облусуна болгон расмий сапарынын алкагында өткөрүлдү.

2019-жылдын 28-ноябрында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылдык аймагында жергиликтүү тургундар үчүн маанилүүү иш-чара болуп өттү. Анткени бул күнү алардын аймагына 2017-жылдан тарта өнөктөш болуп келе жаткан “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун өкүлдөрү менен бирге Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Вероник Ульманн айым иш сапары менен келишти. 

Кара-Суу айылдык аймагынын ЖӨБ органдары – айыл өкмөт башчысы, айылдык кеңештин төрагасы жана депутат айым, Долбоордун координатору,  Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы, Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун төрагасы жана мүчөсү, муниципалдык ишкананын жетекчиси –келген коноктор менен жолугушуп, аймактын Долбоор менен болгон өнөктөштүгүнүн алкагында аткарылган иш-чаралар, аларды аткаруудагы кыйынчылыктар жана чечүү жолдору, бул өнөктөштүктүн аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасири, жаңы билим жана көндүмдөр, жетишкендиктер жана келечек пландары тууралуу маалымат менен бөлүшүштү. 

Мындан сырткары, тараптар жолугушуу учурунда жергиликтүү жана эл аралык тажрыйба алмашуу иш-чаралары жана алардан алынган жаңылыктарды аймактын шарттарына ылайыкташтырып, ишке ашыруу тууралуу маселелерди талкуулашты.

“Биз бул Долбоор менен иштешип баштаганга чейин эл көйгөйлөрүн чындап аныктабай жүргөн экенбиз. Мурун биз жарыктандыруу жүргүзөбүз, жолдү оңдойбуз деген сыяктуу көйгөйлөрдү тигил же бул жакатн угуп калып, ошолор менен эле алек болуп жүрө берген экенбиз. Ал эми акыркы дээрлик үч жылдан (Долбоор менен иштешип баштагандан) бери эл муктаждыктарын биргелешип аныктоо, аларды талдоо жана тандоо өңдүү иш аракеттер аркылуу иш алып барууну үйрөндүк. Азыр элибиз жыйынларга келип, өз көйгөйлөрүн ачык айтып башташты. Биз дагы мурун алардын сын-пикирлерин туура эмес кабыл алып жүрсөк, эми аларды туура кабыл алып, андай пикирлер биздин ишибизди жакшыртканга абдан чоң жардам береээрин түшүндүк” – деди айыл өкмөт башчысы Сүйүндүк Табылдиев.

Айымдардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессине катышуусу жана айылдык кеңеште депутат катары ролу жана социалдык көйгөйлөрдү көтөрүп чыгуу жана чечүүдөгү мааниси тууралуу жолугушууга катышып жаткан айылдык кеңештин депутат айымы Динара Максутова маалымат бөлүштү. Сөз соңунда ал Долбоордун алкагында көрсөтүлгөн техникалык жардамдын коомдук иш-чараларды уюштуруудагы жана өткөрүүдөгү маанисине токтолуп, өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.     

Жолугушуу андан ары Долбоордун алкагында Чакан гранттар программасы аркылуу каражттардын эсебинен оңдолуп-түзөлгөн айылдык клубдун чоң залында уланды. Ал жерде мындай имараттын коомдук иш-чараларды өткөрүүдө жана жергиликтүү коомчулук менен биргелешип талкууларды өткөрүү, анын натыйжасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылып жаткан жалпы иш аракеттери, анын ичинде жергиликтүү бюджеттин ачык-айкындуулугун камсыздоосунун мааниси туураалуу сөз болду. 

Долбоордун айылдык аймактагы координатору Болот Садыков да Долбоор менен кызматташуу маселелери тууралуу айтып өтүп, соңунда азыр алардын эң чоң жардамчысы болуп калган жарандык бюджет тууралуу мындай деди: “Жарандык бюджет бизге жергиликтүү тургундарыбызга жергиликтүү бюджетибиздин каражаттарынын келип түшкөн булактары жана алар каякка жана кандай санда сарпталып жаткандыгы тууралуу маалымат берүүдө баа жеткси жардамын тийгизүүдө. Анткени финансы-экономика бөлүмүнүн профессионалдык тилде даярдаган отчетун карапайым адамдардын бардыгы эле түшүнө бербейт да. Ал эми азыркы күндө биз жарандык бюджетти көрсөтүп, андагы ар бир санды чечмелеп, анын булагын жана сарпталуу багытына чейин айтып бере алабыз. Бул – ЖӨБ органдарынын жергиликтүү тургундарынын ортосундагы ажырымды кыскартты деп айтса да болот”.

Иш сапардын соңунда коноктор Кара-Суу айылдык аймагында жергиликтүү тургундар арасынан инвестор болуп, анын натыйжасында сырттан да кошумча каражаттарды тартып келүүнүн ийгиликтүү үлгүсүнүн натыйжасы болгон жаңы мектеп имаратына да барып кетишти.