"Жергиликтүү демилге" сынагына табыштамаларды кабыл алуу 2012-жылдын 30-сентябрында аяктайт!

Ар бир арыз берүүчүдөн жергиликтүү демилгени сүрөттөгөн мисалдардын саны чектелген эмес, бирок ар бир мисал бир гана көйгөйгө тиешелүү болуш керек.

Сынакты өткөрүүнүн максаты: (1) калкты жамааттын турмушуна жана жеринде чечим кабыл алуу процессине дагы да активдүү катышууга шыктандыруу, (2) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу боюнча жакшы үлгүлөрдү шыктандыруу жана алар тууралуу маалыматты таратуу максатында аныктоо, (3) Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге жергиликтүү жамааттар менен өнөктөштүктө жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө алдыңкы усулдарды жана жаңы ыкмаларды колдонууга көмөктөшүү.

Сынакты өткөрүү тартиби: Жергиликтүү жамааттардын лидерлери, Демилгелүү топтор, бейөкмөт коммерциялык эмес уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер жана уюмдар, өз алдынча же болбосо биргелешип Өнүктүрүү саясат институтуна өз айылында алардын биргелешкен демилгеси менен киргизилген/өткөрүлгөн жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өзгөчө жемиштүү, натыйжалуу тажрыйбанын/иш-чаранын сүрөттөлүшүн жибере алат. Иш-чара төмөндө көрсөтүлгөн формага ылайык деталдуу түрдө сүрөттөлүш керек.

  • калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга көмөктөшкөн;
  • ЖӨБ органдарынын айкын ишине, ЖӨБ органдарынын калк алдында жооптуу болушуна көмөктөшкөн;
  • муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин (мектептердин, коммуналдык кызматтарды жеткиргендердин ж.б.) айкын ишине көмөктөшкөн;
  • жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ролун арттырууга жана алардын шайлоочулар менен дагы да активдүү иш алып баруусуна көмөктөшкөн;
  • жарандарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартууга көмөктөшкөн;
  • жарандардын бюджеттик процесске катышуусун камсыздаган;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү жамааттын өнөктөштүгүн жакшырткан.

Жергиликтүү демилге жергиликтүү маанидеги маселелерге тиешелүү, бирок төмөнкүлөр кошулганы менен, булар менен гана чектелбейт:

  • таза суу, канализация жана тазалоочу жабдуулар;
  • калк отурукташкан аймактарда муниципалдык жолдор;
  • көчөлөрдү жарктандыруу;
  • көчөлөрдү, сейил бактарды, бактарды, спорттук жайларды, эс алуу жерлерин, күмбөздөрдү көрктөндүрүү;
  • тиричилик калдыктарын (таштандыны) чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу;
  • коомдук транспорт (калк отурукташкан пункттардын ичинде);
  • маданий жана тарыхый баалуулуктарды коргоо;
  • жергиликтүү китепканалар;
  • коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;
  • элдик көркөм чыгармачылык;
  • бош убакытты уюштуруу; балдар жана жаштар үчүн иш-чаралар;
  • физикалык маданиятты жана массалык спортту өнүктүрүү;
  • өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюга көмөктөшүү;
  • ЖӨБ органдарынын карамагында болгон маалыматка жетүүнү камсыздоо.

Ар бир арыз берүүчүдөн жергиликтүү демилгени сүрөттөгөн мисалдардын саны чектелген эмес, бирок ар бир мисал бир гана көйгөйгө тиешелүү болуш керек. Сүрөттөө 1500 сөз менен чектелиш керек. Сүрөттөр бет ачардын көркүн андан да чыгармак (Табыштаманын формасын караңыз).

Мисалды/мисалдарды сүрөттөгөн табыштаманы табыштамалардын көрсөтүлгөн формасы боюнча “Эл үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун ишке ашырып жаткан Өнүктүрүү саясат институтуна 2012-жылдын 30-сентябрынан кеч эмес убакытта тапшыруу керек. Дареги жана байланышуунун башка жолдору төмөндө, ошондой эле Табыштаманын форматында көрсөтүлгөн.

Кененирээк