Чаек айылдык аймагында жергиликтүү көйгөйлөр аныкталды

Чаек айылдык аймагында жергиликтүү көйгөйлөр аныкталды

Аныкталган көйгөйлөр айылдык аймактын Биргелешкен аракеттер планына (БАП) өзгөртүү киргизүү аркылуу камтылып, аларды 2020-жылы чечүү үчүн ресурстар жана аткаруучулар такталат.

2020-жылдын 4-февралында Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чаек айылдык аймагында жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо (ЖМБА) багытында атайын иш-чара болуп өттү.

Иш-чара Чаек айылдык аймагынын карамагындагы Ак-Татыр, Беш-Терек жана Чаек айылдарынын тургундары үчүн индивидуалдуу өткөрүлүп, ар бир айылдын көйгөйлөрү өз алдынча аныкталды. Катышуучулардын жалпы саны 111 адамды түзүп, алардын 87си аялдар болду.

“ЖМБА иш-чараларын 2017-жылдын жаз-жай айларынан тарта өткөрүп келе жатабыз. Так ошол мезгилде биздин аймак швейцариялык “Элдин үнү...” долбоору менен кызматташтыгын баштаган. Жыл сайын аныкталган жергиликтүү маанидеги маселелерди биз атайын Биргелешкен аракеттер планына1 (БАП) киргизип, ал жерде биз ал маселелерди чечүү үчүн каражат, адам жана башка ресурстардын булактарын да кошо аныктайбыз. Кээде жергиликтүү тургундар үчүн чоң көйгөй туудурган маселе эл чогулганда талкуулап, ички ресурстардын эсебинен деле чечип алсак боло тургандыгы анык болуп калат.

Чаек айылдык аймагынын 2019-жылы аныкталган көйгөйлөрү
Чаек айылдык аймагынын 2019-жылы аныкталган көйгөйлөрү

Мисалы, 2019-жылдын февраль айында ар бир айылда жаш курагы боюнча 9 ЖМБА сессиясын өткөрүп, анын жыйынтыгында эң маанилүү деп 9 артыкчылыктуу көйгөй аныктаганбыз. Ал эми быйыл эң маанилүү маселелер деп таза суу, ички жолдор, жарыктандыруу, жалпы инфраструктура, бала бакчалар, мектептер ж.б. айтылды. Мындан сырткары бүгүн 2019-жылы тизмеде акыркы болгон коомдук даараткана куруу маселеси да кайра көтөрүлдү. Ар бир айыл боюнча жыйынтыктарды жалпылоо иштерин ушул жумада аяктап, протоколдорду биздин расмий веб-сайтыбызга (www.chaek-aimak.kg) жана маалымат такталарга илебиз. Ар бир катышуучунун пикирин эске алуу максатында иш-чаранын жүрүшүндө аларга түстүү стикерлер таркатылып берилген.

Чаек айылдык аймагынын 2019-жылы БАП боюнча аткарылган иш аракеттери
Чаек айылдык аймагынын 2019-жылы БАП боюнча аткарылган иш аракеттери

Ошол стикерлер аркылуу ар бир катышуучу өз пикирин билдирүү мүмкүнчүлүгүн алды. Бул жолку ЖМБА иш-чараларын өткөрүүдөгү максат – 2019-жылдын июнь айында жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген Чаек айылдык аймагынын Биргелешкен аракеттер планын жаңылап, ага 2020-жылы чече турган көйгөйлөрдү камтуу аркылуу өзгөртүүлөрдү киргизүү. Анткени бул көйгөйлөр жергиликтүү тургундардын өздөрү тарабынан айтылып, чогуу аныкталып, алар маанилүүлүгүнө жараша ирээттелди (ранжирование). Эми Чаек айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул маселелерди айылдык кеңештин депутаттарынын кароосуна коюп, жергиликтүү бюджеттин алкагында жана мүмкүн болгон ресурстардын эсебинен аларды чечүүнүн үстүнөн иш алып барат” – деди Жумагүл Трюмова, ЖМБА сессиясын уюштурган координатор, Чаек айыл өкмөтүнүн жер адиси.

 

______________

1 Биргелешкен аракеттер планы (БАП) – бул жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу ортосунда диалог куруунун жана жергиликтүү өнүгүүнү биргелешип пландоонун баштапкы аспабы. Ал көйгөйлөрдү квалификациялап, стратегиялык багытты аныктоого жол берет. БАП жергиликтүү өнүгүүнү пландоонун жалпы процессинде база да, эки ортодогу этап да болуп эсептелет. БАП эки негизги жыйынтыкка жетүүнү максат кылат: жарандардын күнүмдүк керектөөлөрүнүн бир бөлүгүн канааттандыруу жана узак мөөнөттүү стратегиялык комплекстүү жергиликтүү өнүгүү  программаларын, тематикалык (сектордук) саясатты жана башкаруу пландарын түзүү. БАП сөзсүз түрдө жергиликтүү бюджетте чагылдырылат, бирок муниципалитеттин бардык мүмкүн болгон ресурстук булактарын колдонот.