КР ЖӨБ Союзу жана ӨСИ Кыргыз Республикасынын Бюджеттик резолюциясынын долбооруна СУНУШТАРДЫ даярдашты

 КР ЖӨБ Союзу жана ӨСИ Кыргыз Республикасынын Бюджеттик резолюциясынын долбооруна СУНУШТАРДЫ даярдашты

Билдирмеде Бюджеттик резолюциянын долбооруна редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

2020-жылдын жазындагы COVID-19 эпидемиясына байланыштуу окуяларда да республикалык бюджет менен жергиликтүү бюджеттердин ортосундагы чыгашалардын милдеттери толук ажыратыла электигинен жана жалпы эле бюджеттер аралык мамилелердин жетиле электигинен бир топ көйгөйлүү маселелер ачык эле көрүнүп калды.

2020-жылдын апрелинде ӨСИ тарабынан «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун[1] катышуусунда жүргүзүлгөн анализге ылайык, эпидемияга каршы жана жарандарды өзүн өзү изоляциялоо боюнча иш-чараларды каржылоону дотацияда эмес болгон ири ЖӨБ органдары  башкаларга салыштырмалуу жетишээрлик деңгээлде жүргүзүп жатты. Бирок, бул иш чараларга ЖӨБ органдары бюджеттин жана теңдештирүүчү гранттын көлөмүндөгү айырмачылыктарга карабастан бардыгы бирдей эле чыгашаларды жүргүзүштү. ЖӨБ органдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен төмөндөгүлөр каржыланды:

  • дезинфекциялоо чаралары үчүн курамында хлор болгон каражаттарды сатып алуу;
  • дезинфекциялоо чаралары үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу;
  • коргонуучу костюмдарды/көз айнектерди, маскаларды, антисептиктерди, тепловизорлорду жана респираторлорду сатып алуу;
  • муктаж жарандарга азык-түлүк (ун, кум шекер, өсүмдүк майы ж.б.) менен жардам көрсөтүү;
  • өткөрмө тосмолорун уюштуруу, алардын ишин камсыз кылуу.

Аталган чыгымдардын кайсыл бир бөлүгү ЖӨБ органдарынын түздөн түз функциясына кирбейт. Мисалы, медицина кызматкерлерине коргонуучу каражаттарды сатып берүү же массалык түрдө материалдык жардам көрсөтүү.

COVID-19ду жуктуруп алгандарды дарылоо үчүн саламаттыкты сактоо объекттеринин даярдыгын камсыздоо боюнча ЖӨБ органдарынын каржылык мүмкүнчүлүктөрү өзгөчө тынчсыздандырууну жаратат.

Жергиликтүү бюджеттен каржыланган саламаттыкты сактоо объекттери менен КР Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан каржыланган объекттердин ортосундагы материалдык-техникалык жактан камсыздалышындагы бир топ айырмачылыктар дарыгерлер үчүн, алардын үй-бүлөлөрү үчүн жана ошондой эле коомчулук үчүн терс көрүнүштөрдү алып келиши мүмкүн. Негизи эле, Кыргыз Республикасында көпчүлүк ЖӨБ органдары муниципалдык менчикте турган саламаттыкты сактоо объекттеринин кээ бир чыгымдарын жергиликтүү бюджеттен каржылоону улантып келишет.

Билим берүү объекттеринин – жалпыга билим берүү мектептеринин жана бала-бакчалардын санитардык абалын талаптагыдай камсыз кылуу боюнча ЖӨБ органдарындагы каржылык мүмкүнчүлүктөрүнүн абалы да тынчсыздандырууну жаратат. Көпчүлүк айылдык мектептерде ичүүчү таза суу күнүнө 3-5 саатка гана берилсе, дээрлик көпчүлүгүндө канализация жок, ысык суу жок жана жуунгучтар (умывальниктер) жетишсиз. Жалпы жергиликтүү бюджеттердин учурдагы абалын эске алганда, ЖӨБ органдарынын жаңы окуу жылынын башталышына чейин мектептердеги маселелерди чечип, эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кыла ала тургандыгы күмөн жаратат.  

Ошол эле мезгилде, билим берүү функциясы жергиликтүү маанидеги маселе эмес, бирок учурда бийлик жана коомчулук балдардын ден соолугу жана өмүрү үчүн жоопкерчиликти ЖӨБ органдарына ыйгарууда, анткени 2020-жылдын 1-сентябрына чейин COVID-19 жуктуруу коркунучу толугу менен жок болот деген кепилдик да жок. Дагы бир көңүлүңүздөрдү бура турган маселе, 2018-2019-жылдар аралыгында КР Өкмөтү жалпыга билим берүү объектилерин мамлекеттик менчикке өткөрүү маселелерин караган, бирок кабыл алынган чечимдерге карабастан маселе дагы эле чечилген жок.

Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын 2021-2023-жылдарга Бюджеттик резолюциясынын долбооруна төмөнкү маселелерди сунуш кылабыз:

  1. Тез аранын ичинде саламаттыкты сактоо жана билим берүү объектилеринин каржылоосун республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүү же болбосо жалпыреспубликалык салыктардан жергиликтүү бюджеттерге жана республикалык бюджетке чегерүүлөрдүн системасын өзгөртүү;
  2. Баштагы кабыл алынган Бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү Концепциясынын аткарылбагандыгынын себептерине анализ жүргүзүү жана алдыдагы орто мөөнөттүк мезгилге жаңы Концепцияны иштеп чыгуу;
  3. Жергиликтүү бюджеттердин өсүү темпинин республикалык бюджеттин өсүү темпине шайкеш болуусун камсыз кылуу;
  4. Муниципалдык кызматкерлердин кызматтык ыйгарым укуктарын жана аларга жүктөлгөн функцияларды так аныктоо максатында ЖӨБ органдарына функционалдык анализ жүргүзүү;
  5. Мамлекеттик ыйгарым укуктардын баасын аныктоонун методикасын өркүндөтүү, анын ичинде өзгөчө кырдаалдар жана өзгөчө абалдар учурундагы, ошондой эле саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык өнүгүү чөйрөлөрүндөгү маселелерди эске алуу;
  6. Тиешелүү аймакта салыктык базанын түрүнүн кайсыл бири үстөмдүк кылаарын эске алуу менен, аларды группаларга бөлүп, жалпы мамлекеттик салыктардан чегерилүүчү нормативдерди дифференциалдык аныктоо механизмин киргизүү зарыл. Мисалы, бир аймакта соода сатык тармагы өнүкпөгөн болуп, бюджети киреше салыгынан көбүрөөк көз каранды болсо, анда мындай аймактарга киреше салыгын көбүрөөк калтыруу керек. Ал эми тескерисинче аймакта соода сатык өнүккөн болсо, анда мындай аймактарга сатуудан салыктын көбүрөөк калуусун камсыз кылуу керек.
  7. КР Өкмөтү КР ЖӨБ Союзу менен биргеликте бюджетти программалык негизде жүргүзүү жана маалыматтын ачык айкындуулук принциптерин негизге алып, КР Бюджеттик Кодексинин 29-беренесине ички бюджеттик инвестицияларды (капиталдык салымдар) пландоону камсыз кылуучу өзгөртүүлөрдү иштеп чыгып, Жогорку Кенештин кароосуна киргизишсин. ЖӨБ органдары өздөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү Программаларын жана жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун негиздүү пландоосу үчүн шарттарды түзүү зарыл;
  8. Жергиликтүү бюджеттердин чыгаша бөлүктөрүнүн бюджеттик классификацияга шайкеш келүүсүн  анализдеп, жыйынтыгы менен туура эмес көрүнүштөрдү алдын алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек;
  9. Жергиликтүү бюджеттерди иштеп чыгуу жана аткаруу маселелери боюнча мамлекеттик мекемелер менен ЖӨБ органдарынын бирге аракеттенүү регламентин иштеп чыгууну тездетүү зарыл; 
  10. Өзгөчө статуска ээ айрым чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча Программанын аткарылышына анализ жүргүзүү жана алдыдагы орто мөөнөттүк мезгилге жаңы Программаны иштеп чыгуу.  

Кошумча, Бюджеттик резолюциянын долбооруна төмөндөгүдөй редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайбыз:

I бөлүм. «КР 2021-2023-жылдарга бюджеттик саясатынын негизги багыттары»:

  • 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «ЖӨБ органдарына аткаруу органынын структурасын жана штаттык санын бекитүү боюнча ыйгарым укук берилсин. Муниципалдык кызматчылардын санын негизсиз көбөйтүүнү болтурбоо үчүн, КР Өкмөтү максималдуу жана минималдуу штаттык сандын чегин бекитет, ал эми ЖӨБ органдары ошол чектен чыкпастан функцияларына жана бюджетине жараша өз алдынча структурасын жана штаттык санын бекитүүсү зарыл»;
  • 11-пункт алынып салынсын.  

IV бөлүм.«КР бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү»:

  • биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «КР Жогорку Кенешинин 2019-жылдын 17-октябрындагы №3296-VI токтомунун негизинде мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын жана республикалык бюджет менен жергиликтүү бюджеттердин чыгаша милдеттенмелерин так ажыратып аныктоо»;
  • алтынчы абзацтагы «трансферттерди эсептөөнүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу» деген сөздөр «автоматташтыруу жана маалыматка жетүүнү камсыздоо аркылуу трансферттерди эсептөөнүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

___________________

[1] Долбоор Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту тарабынан аткарылат.