Чүй, Нарын жана Ош облустарында 2021-жылга карата Биргелешкен аракеттер пландарын талкуулоо боюнча маалымат өнөктүгү башталды

Чүй, Нарын жана Ош облустарында 2021-жылга карата Биргелешкен аракеттер пландарын талкуулоо боюнча маалымат өнөктүгү башталды

Маалымат өнөктүгү аталган үч облустун 30га жакын айылдык аймагында жана Кемин шаарында өткөрүлүшү пландалды.

2020-жылдын апрель айынан тарта июнь айына чейинки аралыкта Кыргызстандын Чүй, Ош жана Нарын облустарынын отузга жакын айылдык аймагында жана Кемин шаарында 2021-жылга карата Биргелешкен аракеттер пландардын (БАП), ал эми Чүй облусунун Александровка, Нарын облусунун Ак-Тал жана Ош облусунун Көк-Жар айылдык аймактары Социалдык-экономикалык өнүгүү Программаларынын (СЭӨП) долбоорлорун даярдашты. Бул иш аракеттер Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында аткарылды.

Бул план/программалар жергиликтүү тургундар менен ЖӨБ органдарынын өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү маанидеги актуалдуу маселелерди чечүүгө багытталып даярдалган. 

“Биргелешкен аракеттер пландарын жана СЭӨП долбоорлорун даярдоодо жергиликтүү ресурстар, жергиликтүү бюджеттердин мүмкүнчүлүктөрү, адамдык жана каржылык факторлор, аймактардын инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрү өңдүү факторлор эске алынды. Ар бир көйгөй/маселе бул пландарга кирээрден мурун, жергиликтүү калктын катышуусу менен өткөрүлгөн айылдык жыйындарда өз баасын алып, артыкчылык деңгээли аныкталган. Эмки кезек даярдалган БАП менен СЭӨП долбоорлорун жергиликтүү тургундар менен талкуулоо, алардын сын-пикирлерин угуп, сунуштарын топтоо. Бул максатта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары азыркы мезгилдин шартына ылайык аралыкта иш алып баруу үчүн, иштелип чыккан пландардын / программалардын долбоорлорун өздөрүнүн расмий веб-сайттарына, маалымат такталарга жана мүмкүн болгон Интернет ресурстарына таанышууга ыңгайлаштырылган форматтарда жайгаштырышты. Мисалы, веб-сайттарга БАП / СЭӨП долбоорлору толугу менен таблица форматында илинсе, YouTube каналында презентация катары илинди. Мындан сырткары, жергиликтүү тургундардын шартына карата айыл өкмөттөрүнүн имараттарында атайын кутучалар коюлду – каалаган жарандар өз сунуштарын жазуу түрүндө да алып келип, ошол кутучаларга салып кетишсе болот. Жайгаштырылган ресурстарга түз шилтемелер WhatsApp мессенджери аркылуу айылдык аймактардын / шаардын активдүү тургундарына, айыл жана квартал башчыларына, жумушчу топтордун, демилгелүү топтордун жана Биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун мүчөлөрүнө жиберилди”, - деди Роза Суранчиева, “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун ЖӨБ менен иштөө боюнча адиси.

Маалымат өнөктүгүнүн эмки кадамы: топтолгон пикирлер жана сунуштар каралып чыгып, алардын КРнын мыйзамдарына, жергиликтүү жамааттын Уставына карама-каршы келбеген жана талап кылынган ресурстар бар болгон учурда, маанисине жана артыкчылыгына карата иш кагаздарына киргизилет же 2022-жылдан аркы мөөнөткө түзүлүүчү БАП/СЭӨПкө калтырылат. Андан соң план/программалардын оңдолуп-толукталган версиялары дагы бир жолу тургундардын талкуусуна алып чыгарылат. Эгер каршы тараптар болбосо, алар жергиликтүү кеңештер тарабынан каралып чыгып, бекитилет.

Азыркы күнү даяр болгон Биргелешкен аракеттер пландардын / социалдык-экономикалык өнүгүү Программаларынын долбоорлору муниципалитеттердин расмий веб-сайттарынын тиешелүү бөлүмдөрүндө жайгаштырылган:

  • Өнүгүү планы” бөлүмүнүн “Биргелешкен аракеттер планы (пландары)” деген аталыштагы баракчасында, 
  • YouTube каналына кирип, “ПСД” же Сиз издеген айылдык аймактын аталышын “Издөө” бөлүмүнө жазуу аркылуу таап, таанышсаңыз болот.