Долбоордун пилоттук аймактарында айыл жыйындары өткөрүлөт

Айыл жыйындары 2012-жылдын 8-октябрынан 27-октябрына чейинки аралыкта өткөрүлмөкчү.

2012-жылдын 8-октябрынан 27-октябрына чейинки аралыкта "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун жаңы пилоттук аймактарында айылдык жыйындар болуп өтөт. Аталган жыйындардын максаты – жергиликтүү тургундарды үстүбүздөгү жылдын сентябр айында жер-жерлерде өткөрүлгөн ЭКБА-иш-чараларынын жыйынтыктары жана бирдиктүү аракет пландарын элге тартуулоо болмокчу.

Пилоттук бардык айыл аймактарынын ар бир айылында өткөрүлө турган бул жыйындарда ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү жергиликтүү тургундарга сентябр айында өткөрүлгөн элет көйгөйүн биргеликте аныктоо (ЭКБА) иш-чараларынын жыйынтыктарын деталдуу түрдө айтып бермекчи. Мындан сырткары, иш-чаралардын жүрүшүндө ЭКБА өткөрүүдө аныкталган көйгөйлөрдүн үстүнөн иш алып баруу максатында түзүлгөн Демилгечи топтордун мүчөлөрү менен айыл тургундары тааныштырылат. Аталган Демилгечи топтор жергиликтүү эл тарабынан аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү жолдорун иштеп чыгуу жана алардын үстүнөн долбоор түзүп ишке ашыруу максатында уюштурулган. Ошондой эле, жыйындарда жогоруда айтылып өткөн ЭКБА-иш-чараларынын жыйынтыктарынын негизинде иштелип чыккан бирдиктүү аракет пландары да жыйындын катышуучуларына тартууланып, алардан түшкөн кошумча маалыматты жана сунуштарды киргизүү мүмкүнчүлүгү тартууланмакчы. 

Долбоордун пилоттук айылдык аймактарында жыйындарды өткөрүү графиги:

Жалал-Абад облусу:

  • Багыш АА, Сузак району – 11, 12, 15, 16 октябр
  • Сакалды АА, Ноокен району – 23, 24, 26, 27 октябр
  • Жаңы-Жол АА, Аксы району – 9, 10, 12, 16 октябр
  • Көк-Таш АА, Ала-Бука району – 13, 14, 15 октябр
  • Бешик-Жон АА, Базар-Коргон району – 9, 10 октябр
  • Бел-Алды АА, Токтогул району – белгилене элек
  • Сумсар АА, Чаткал району – 11 октябр
  • Тогуз-Торо АА, Тогуз-Торо району – 18, 19 октябр

Ысык-Көл облусу:

  • Ак-Чий АА, Ак-Суу району – 12, 16 октябр
  • Бостери АА, Ысык-Көл району – 18, 19 октябр
  • Липенка АА, Жети-Өгүз району – 16, 17 октябр
  • Арал АА, Түп району – 11, 12, 13 октябр
  • Улахол АА, Тоң району – 16 октябр