Пилоттук аймактарда айылдык жыйындар өттү

Аталган жыйындардын максаты – жергиликтүү тургундарды үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында жер-жерлерде өткөрүлгөн (ЭКБА) иш чараларынын жыйынтыктары менен тааныштыруу жана бирдиктүү аракет пландарын элге тартуулоо болду.

"Жалал-Абад үнү" облустук гезити, №19-20

2012-жылдын 8-октябрынан 27-октябрына чейинки аралыкта Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун жаңы пилоттук аймактарында айылдык жыйындар болуп өттү. Аталган жыйындардын максаты – жергиликтүү тургундарды үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында жер-жерлерде өткөрүлгөн (ЭКБА) иш чараларынын жыйынтыктары менен тааныштыруу жана бирдиктүү аракет пландарын элге тартуулоо болду.

Пилоттук айыл аймактарындагы бул жыйындарда ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү жергиликтүү тургундарга сентябрь айында өткөрүлгөн элет көйгөйүн биргеликте аныктоо (ЭКБА) иш чараларынын жыйынтыктарын деталдуу түрдө айтып берди. Мындан сырткары, иш чаралардын жүрүшүндө ЭКБА өткөрүүдө аныкталган көйгөйлөрдүн үстүнөн иш алып баруу максатында түзүлгөн демилгечи топтордун мүчөлөрү менен айыл тургундары тааныштырылды. Аталган демилгечи топтор жергиликтүү эл тарабынан аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү жолдорун иштеп чыгуу жана алардын үстүнөн долбоор түзүп ишке ашыруу максатында уюштурулган. Ошондой эле, жыйындарда жогоруда айтылып өткөн ЭКБА иш чараларынын жыйынтыктарынын негизинде иштелип чыккан бирдиктүү аракет пландары да жыйындын катышуучуларына тартууланып, алардан түшкөн кошумча маалыматты жана сунуштарды киргизүү мүмкүнчүлүгү тартууланды.

Эскерте кетсек, долбоорго төмөнкү пилоттук айылдык аймактар кирген: Багыш АА, Сузак району, Сакалды АА, Ноокен району, Жаңы-Жол АА, Аксы ра- йону, Көк-Таш АА, Ала-Бука району, Бешик-Жон АА, Базар-Коргон району, Бел-Алды АА, Токтогул району, Сумсар АА, Чаткал району, Тогуз-Торо АА, Тогуз-Торо району.