Токтогул районунун Бел-Алды айылдык аймагы «Жергиликтүү демилге» сынагынын жеңүүчүсү болуп табылды

Сынакка Кыргызстандын Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы айыл аймактарынын арасында жарыяланган.

Жалал-Абад, 6-декабрь /Анархан Жаңыбаева - Кабар/ 

Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында «Жергиликтүү демилге» сынагы уюштурулуп, анын жеңүүчүсү катары Токтогул районунун Бел-Алды айыл аймагы табылып, 50 миң сомдук байгени утуп алды.

Бул долбоорду ишке ашырып жаткан Өнүктүрүү саясат институтунун маалымат жана коомчулук менен байланыш адиси Нургүл Жаманкулованын берген маалыматына караганда, аталган сынакка багытталган табыштамалар 2012-жылдын июнь айынан тарта сентябрь айынын акырына чейинки аралыкта кабыл алынган. Сынакка Кыргызстандын Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы айыл аймактарынын арасында жарыяланган. Жалпысынан сынакка 31 табыштама келип түшкөн. Алардын ичинен 15 табыштама Жалал-Абад облусунан, 14 – Ысык-Көл облусунан жана 1 табыштама Чүй облусунан берилген.

Конкурстун жыйынтыктарын талкуулоо жана жеңүүчүлөр менен активдүү катышкан муниципалитеттердин өкүлдөрүнө байгелерди тапшыруу боюнча форум 2012-жылдын 6-декабрында Жалал-Абад шаарында болуп өтөт. Мындан сырткары, форумдун жүрүшүндө жеңүүчү деп табылган демилге катышуучулардын назарына тартууланат.

Форумга конкурска катышкан айылдык аймактардын атайын өкүлдөрү, жергиликтүү коомдук уюмдардын мүчөлөрү, ЖӨБ органдары, демилгечи топтордун лидерлери, Курулуш жана регионалдык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү катышуусу күтүлүүдө.