“Жергиликтүү демилге” сынагы: байгелер элеттеги жашоону жакшыртууга жардам берүүдө

Сынактагы байгелер муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана элеттик жамааттардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн кантип колдонулуп жатканы тууралуу баяндап бермекчибиз.

2012-жылдын соңунда Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги” Долбоору “Жергиликтүү демилге” сынагынын жыйынтыгын чыгарган. Ал жергиликтүү жамааттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип кантип өз күчү менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечип жатканына арналган. “Муниципалитет” журналынын декабрь айындагы атайын чыгарылышында биз ар бир мисал тууралуу кенен айтып бергенбиз. Сынактын көптөгөн катышуучулары байгеге ээ болгон. Эми болсо биз ошол байгелер муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана элеттик жамааттардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн кантип колдонулуп жатканы тууралуу баяндап бермекчибиз.

Бел-Алды АА: айылдын көчөлөрүндө жарык 

Биринчи орунду Бел-Алды АА ээлеген. Аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары “Салыктар калктын жашоо шартын жакшыртууга кызмат кылыш керек” аттуу акцияны үзгүлтүксүз өткөрүп турат. Акция тургундар арасында кандай өлчөмдө салык төлөш керектигин жана чогултулган каражат андан ары кантип сарпталаарын түшүндүргөн маалыматты жайылтуу максатын көздөйт. Аймактын тургундары ошондон баштап баары түшүнүктүү болуп калганын, адамдар алардын акчасы кайда кетип жатканын билип калды. Мындан улам мурдагыдай суроолор жана дооматтар жокко эсе. Бул бир аз эле аракеттин жардамы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы калк менен өз ара ишеним деңгээлин жогорулата алганынын жөнөкөй жана жаркын мисалы. Анткен менен Бел-Алды АА көйгөйлөр аз эмес. Анын ичинде көчөнү жарыктандыруу маселеси курч турат. Элет тургундары күүгүм түшөөр замат сыртка чыкпаганга аракет кылышчу, балдар көчөлөрдө ойной албай, караңгы кирээр замат үйлөрүнө тарашчу. Каш карайган мезгилде Бел-Алды АА жашоо токтоп калчу. Ушул маселени эсепке алуу менен “Жергиликтүү демилге” сынагындагы жеңиши үчүн байге катары жергиликтүү жамаатка көчөнү жарыктандыруу үчүн баасы 50 000 сомду түзгөн көчө чырактары тапшырылды. “Эми көчө жарык, өзүбүздү коопсуздукта сезип калдык, мурдагыдай коркунуч жана кооптонуу жок”, - деген элет тургундары ӨСИ көрсөткөн жардамга ыраазычылыгын билдирип, Бел-Алды АА жарык көчөлөрүнөн сейилдеп кетүүгө чакырышууда.

Болот Мамбетов АА: көчө үн күчөткүчтөрү жарандарды окуялар тууралуу маалымдоого жардам берүүдө

Экинчи орунду Болот Мамбетов АА ээлеген. Жергиликтүү демилге “Муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүндө айкындуулукту камсыздоого көмөктөшүү” деп аталган. Элеттин тургундары үрөн фондун түзүүнүн жардамы менен түшүмдүүлүктү арттыруу боюнча иштерди аткарды. Бул болсо Болот Мамбетов АА төрт айылдын калкын үрөн менен камсыздап, түшүмдүн артышына алып келди.

Белек катары аймактын тургундары баасы 30 000 сом турган илинме үн күчөткүчтөр тапшырылды. Тургундардын айтымында, үн күчөткүчтөр орнотулду жана бардык маанилүү окуялар тууралуу жергиликтүү калкты маалымдап турат. Бул шайманды берүүнүн максаты – айылда орун алган иш-чаралар жана окуялар тууралуу калктын маалымдуулугун арттыруу. “Байге элет тургундары үчүн абдан пайдалуу болду. Эми биз дайыма окуялардан кабардарбыз, айыл өкмөтүнүн иш-чаралары, коомдук угуулар жана чогулуштар тууралуу билебиз. Адамдар аларга катышып, бардык окуяларга активдүү катышууга аракет жасашат. Натыйжада жердештердин ЖӨБ органдарына болгон ишеними артып, жергиликтүү калк менен ЖӨБ органдары ортосунда өз ара түшүнүшүү пайда болду”, - дейт Саламаттык сактоо боюнча элеттик комитеттин төрайымы Зинагүл Кыдырмышева.

Кара-Жал АА: таштанды челектери элетти таза кармоого көмөктөшөт

Үчүнчү орунду Кара-Жал АА ээлеген. Бул жерде элеттин керектөөлөрүн биргелешип аныктоодон кийин өзгөчө актуалдуу маселе жолдордун абалы деген чечим кабыл алынган. Демилгелүү топ түзүлүп, андан соң элет тургундары арасында маалымат таратуу иштери жүргүзүлгөн жана зарыл болгон оңдоп-түзөө иштерине каражат чогултулган. Каржы ресурстары чогулгандан кийин жолдорду калыбына келтирүү иштери жүргөн. Тургундардын айтымында, эң маанилүүсү – жөнөкөй жарандар көтөрүп чыккан демилгени жамаат толугу менен жана ЖӨБ органдары колдоп кеткен. Жолдордон тышкары тургундарды айылдын абалы, таштанды жыйноо көйгөйү тынчсыздандырып келет. Андыктан байге катары Кара-Жал АА жалпы баасы 17 000 сомдук таштанды кутулары тапшырылган. Бул кутулар катуу тиричилик калдыктардын топтолушун жана айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алууга жардам берет.

Чоң жеңиштердин чакан кубанычтары

Башка жергиликтүү жамааттардын демилгелери шыктандыруучу байгелер менен белгиленди. Акча өтө көп бөлүнгөн жок, бирок аларды акыл-эстүү, чарбачылык менен колдонсо бир кыйла пайда алып келет.

Жаңы электр чубалгысын өткөрүү демилгесин көтөргөн Жерге-Тал АА жамаатына байге катары сыртка шамчырактар тапшырылды. Байге тандоодо биринчи кезекте айылдын тургундарынын муктаждыктары эске алынды. Жарыктын жоктугу бир топ ыңгайсыздыкты жараткан: иштөө, эс алуу жана конокко баруу мүмкүн эмес болчу. Көздү сайган караңгылык балдарда да, улууларда да коркуу сезимин пайда кылган. Эми болсо жарык элет тургундарын кубандырууда. “Көчөгө жарык келди, элет тургундары ыраазы, алар биздин ишке баа беришти”, - дейт долбоордун катышуучуларынын бири Жеңиш Алибеков.

Таштанды маселесин чечүү боюнча ийгиликтүү иш алып барган Төрт-Күл АА тургундарына документтерди барктуу кылып жасалгалоо үчүн ламинация жана мукабалоо үчүн аппарат берилди. Бул болсо айылдык аймактын тышкы байланыштарын өнүктүрүү үчүн чоң мааниге ээ.

Суу канал түйүнүн оңдоп-түзөө маселесин Сумсар АА жамааты жана ЖӨБ органы ийгиликтүү чечти. Байге катары тургундарга санариптик фотоаппарат тапшырылды. «Биз бул долбоорго катыша алганыбызга кубанычтабыз жана байгеге ыраазыбыз. Эми айылдагы бардык иш-чараларды биз сүрөткө тартып жатабыз», - дейт активист Гүлмира Кошокова.

Санариптик фотоаппаратты белекке Сакалды АА да алды. Бул жерде “Нооруз” бала бакчасында телестудияны өнүктүрүүнүн мыкты практикасы орун алган. Өз ойлору менен Сакалды АА бала бакчасынын башчысы Адина Салимова бөлүштү: “Биздин жамаат бул байгеге абдан ыраазы болду. Жаңы жылдык иш-чараны бир топ сүрөткө тарттык. Балдардын жана алардын ата-энелеринин катышуусунда кубанычтуу учурларды көбүрөөк тартып калгыбыз келди”.

Таза суунун жетишсиздиги Жаңы-Жол АА тургундары үчүн маанилүү көйгөйгө айланды. Бул маселе суу түтүктөр линиясын өткөрүү жана суу колонкасы алдындагы жерди бетондоо иштери аркылуу чечилди. Бул үлгү үчүн Жаңы-Жол АА байге катары факс аппаратын алды. Бул шайман элет тургундарына дүйнө менен тыгыз байланышта болууга жардам берет. Жаңы факс аппараты жаңылыктардын жана зарыл маалыматтын өз убагында келип туруусуна көмөктөшөт.

Багыш АА тургундары демилге көтөрүп, адамдардын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч жараткан унаа жолун жарыктандыруу маселесин чечишти. Багыш АА тургундарынын бир бөлүгү Казарман – Жалал-Абад трассасынын боюнда жашайт. Мындагы участок бир эле учурда Ю.Гагарин атындагы борбордук көчө деп эсептелет. Транспорт кыймылы бул жерде дайыма, анын ичинде кеч киргенде да интенсивдүү. Жумушка жергиликтүү ишкерлер жана жамааттын активдүү лидерлери тартылды. Зарыл болгон каражатты топтогондон кийин жаңы трансформатор жана электр лампалары орнотулган. Караңгылык менен күрөштө жарык жеңди. Байге катары ӨСИ жергиликтүү жамаатка курулуш материалдарын – кирпичтерди тапшырды. Анткени элет тургундары автобус аялдамасын курууну пландаштырып жатышат. “Аялдаманын жоктугу – биз үчүн өтө чоң ыңгайсыздыкты жаратууда”, - дейт элет тургундарынын бири. Жергиликтүү активисттердин сөзү боюнча, курулуш иштери жакынкы аралыкта башталат жана элет тургундары зарыл болгон аялдамага ээ болмокчу.

Тогуз-Торо АА элет тургундары биргелешкен аракеттер менен китепканага “экинчи өмүр” беришти. Китептерди таркатуу менен кызматкерлер жаңы окурмандарды кызыктырып, аларды тарта алышты. Байге катары китепканага жергиликтүү тургундардын көбүрөөк кызыгуусун тарта турган жаңы китептер тапшырылды. “Эми окурмандар дагы да көбүрөөк болду. Анын үстүнө жаңы китептер биздин китепкананын жалпы түрүн жакшыртып койду”, - дешет китепкананын кызматкерлери.

Спортту жана маданиятты өнүктүрүү – коомду өнүктүрүүнүн маанилүү бир бөлүгү деп эсептейт Бостери АА тургундары. Жергиликтүү жамааттын демилгеси менен айылда спорттук зал жана маданий борбор ачылган. “Эми бул жерде түрдүү иш-чаралар – концерттер, мелдештер, сынактар да өтүп турат”, - дешет айыл тургундары. Байге катары Бостери АА килем тапшырылды. Тургундардын айтымында, ал залдын көркүн ого бетер ачып койду.

Негизинен таза сунун жетишсиздигине, жолдордун начар абалына жана таштандынын топтолгонуна тиешелүү социалдык көйгөйлөрдөн тышкары адамдарда маалыматтын жоктугу өңдүү көйгөй да бар. Көк-Таш айылында бул маселени чечүү үчүн маалыматтык-консультативдик кызмат түзүлгөн. Адистер калкка зарыл болгон бардык маалыматты, анын ичинде бош жумушчу орундар тууралуу маалымат берип, тургундардын ишке орношуусуна жардам беришет. Байге катары Көк-Таш АА канцелярдык товарлар, үтүк, кийим үтүктөөчү тактай, ошондой эле тигүү үчүн шаймандар берилди. Мунун баары жаңы иш орундарын түзүүгө жана элеттиктердин бош убактысын уюштурууга жардам берет.