Тренерлер үчүн тренинг

17-18-январь күндөрү ӨСИ эксперттери Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынан жергиликтүү консультанттар үчүн эки күндүк тренинг өткөрүштү.

17-18-январь күндөрү ӨСИ эксперттери Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынан жергиликтүү консультанттар үчүн эки күндүк тренинг өткөрүштү.

Тренингдин биринчи күнү долбоордун өзгөчөлүктөрүнө арналды. Тренинг өзүнө айылдык аймактардын тургундарынын керектөөлөрүн аныктоодон баштап, долбоордун аякташына чейинки учурду жана катышуучулардын андан кийинки ишмердүүлүгүнө чейинки бардык баскычтардын кеңири түшүндүрмөсүн камтыды.

Деталдуу ачыктап берүү максатында катышуучуларга долбоорду ишке ашыруу тууралуу кеңири маалыматтарды, негизги терминдерди жана аныктамаларды, ошондой эле иш үчүн зарыл болгон документтердин болжолдуу үлгүлөрүн камтыган материалдар таратылып берилди.

Мыкты натыйжа үчүн тренингдин жүрүшүндө теория бөлүгү практикалык бөлүк менен коштолду. Катышуучулар өз долбоорлорун тааныштырып жаткан тиги же бул муниципалитеттердей болуп топторго бөлүндү жана тапшырмаларды бирге аткарышты. Мындан тышкары тренингдин катышуучулары иш-чаранын темасына түздөн-түз тиешелүү болгон жана аларды кызыктырган суроолорду узатышты. Катышуучулар эки облустун өкүлдөрү болгондуктан кошуна айылдардын тургундарын адатта кандай маселелер тынчсыздандырарын жана ал маселелерди чечүү үчүн кандай чара көрүлсө болоорун так элестете алганы кубандырат.

Тренингдин биринчи күнүн жыйынтыктап жатып, жакынкы мезгилге консультанттардын иш планы макулдашылып, аларды аткаруу мөөнөтү белгиленди.

ӨСИ эксперттери аймактык консультанттардын жергиликтүү жамааттар жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү менен мындан ары сапаттуу иш алып баруусун камсыздоо үчүн тренингдин катышуучулары үчүн кошумча жеке консультацияларды өткөрүштү.

Тренингдин экинчи күнү коомдук угуулар темасына арналды. ӨСИ эксперттери даярдаган бет ачарлар коомдук угуулардын бардык өзгөчөлүктөрүн чагылдырып берди. Тренингдин жүрүшүндө эксперттер угуулардын мааниси эмнеде камтылганын, аларды өткөрүүдө негизги учурлар кайсы болгонун жана коомдук угуулар, чогулуштар жана массалык жыйындар ортосунда айырма кайсы экенин чечмелеп беришти.

Ошондой эле ӨСИ эксперттери бул өңдүү иш-чараларды өткөрүүдө пайда болгон уюштуруучулук жана каржылык маселелер тууралуу да айтып беришти. Ал эми бул өтө маанилүү.