Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы жергиликтүү кеңештердин башчылары жана депутаттары жарандык катышуу жана ЖӨБ негиздери боюнча окуудан өтүштү

Эки облустагы 12 райондогу 24 тренинг 2012-жылдын 12-декабрынан 21-декабрына чейин эки тема боюнча өттү.

Эки облустагы 12 райондогу 24 тренинг 2012-жылдын 12-декабрынан 21-декабрына чейин эки тема боюнча өттү: “Жарандарды жергиликтүү маанидеги маселелерге катыштырууга даярдык. Бюджеттик процесс” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруучулук жана мыйзамдык негиздери”.

Иш-чарага жалпысынан 333 адам катышты. Алардын ичинен 157 адам “Жарандарды жергиликтүү маанидеги маселелерге катыштырууга даярдык. Бюджеттик процесс” темасы боюнча, 176 адам “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруучулук жана мыйзамдык негиздери” темасы боюнча окуудан өттү.

Мамырова Өктөм, китепканачы, Кедей-Арык айылынын тургуну: “Тренингде мен элеттик китепканаларды кармоо – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруунун компетенциясына тиешелүү, жергиликтүү маанидеги маселе болгонун билдим. Буга чейин китепкана – бул мамлекеттик маселе деп эсептечүмүн”.

Жанаев Жамшит, ишкер, Жаңы-Жол АА тургуну: “Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча практикалык иш мага муниципалдык менчикти сатууда жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарын жана айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын так аныктап алууга жардам берди”.