Сынак: Кичи гранттар программасы - 2013!!!

Кичи гранттар программасына Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары катыша алат.

Өнүктүрүү саясат институту

Швейцария Өкмөтү каржылаган «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоору (мындан ары – Долбоор).

Долбоордун негизги максаты – жарандардын бюджеттик процессте катышуусун камсыздоо жана жеринде калкка кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртуу максатында ЖӨБ органдарынын дараметин жогорулатуу.

КИЧИ ГРАНТТАР ПРОГРАММАСЫ

ГРАНТТАРДЫН МАКСАТТУУ БАГЫТТАЛЫШЫ:
Долбоордун Гранттык фондунун каражаттары жергиликтүү жамааттын жашоо шартын жакшыртууга багытталган долбоорлорду каржылоо үчүн колдонулат. Долбоордук идеялар калктын катышуусу менен анкета жүргүзүүнүн, фокус-топтордун жана элеттин көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо боюнча иш-чаралардын (ЭКБА/PRA-сессиялар) жардамы менен аныкталган артыкчылыктарга шайкеш келиш керек.

КИМ КАТЫШАТ:
Кичи гранттар программасына Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары катыша алат.

ГРАНТТЫН СУММАСЫ:
Бир айылдык аймакка гранттын суммасы

20 000 Швейцар франкы
(1 миллион сомдун тегереги)

ДОЛБООРДУК ТАБЫШТАМАНЫ ТАРТУУЛОО МӨӨНӨТҮ:
Долбоордук табыштамаларды «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс»
долбоорун  ишке ашырган Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 
2013-жылдын 20-апрелине чейинки аралыкта тапшыруу керек.

КЕНЕНИРЭЭК МААЛЫМАТ АЛУУ:
Конкурс тууралуу, тиркемелердин жана табыштаманын үлгүлөрүн Долбоордун сайтынан таба аласыз: www.vap.kg

КАЙРЫЛУУ МААЛЫМАТЫ:
720021, Бишкек ш., Үсөнбаев көч., 44. Тел.: (0312) 97-65-30 (31,32,33)
Факс: (0312) 97-65-29.