Ысык-Көл облусунун Арал аймагында артыкчылык мектептердеги жылуулук системасына берилди

Ысык-Көл облусунун Арал аймагында артыкчылык мектептердеги жылуулук системасына берилди

Аталган артыкчылык айылдык аймактын деңгээлинде өткөрүлгөн жыйында аныкталды.

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Арал айыл аймагында 2013-жылдын 25-мартында артыкчылыктуу долбоорду тандоо боюнча айыл жыйыны болуп өттү. Жыйынга аймактын 94 тургуну катышты. 

Жыйындын катышуучуларына Арал айыл аймагынын артыкчылыктарын аныктоого арналган айыл жыйындарынын натыйжаларынын негизнде аныкталган көйгөйлөр боюнча иштелип чыккан 5 долбоор тартууланды. Жалпыга коюлган добуш берүүдөн кийин тартууланган долбоорлордун арасынан "Жылуулук – бул ден соолук, балдардын келечеги" деп аталган Арал айылдык аймагынын 4 айылында жайгашкан 4 орто мектебинин жылуулук системасын оңдоп-түзөө иштерин аткаруу боюнча долбоор артыкчылыктуу жана эң маанилүү деп тандалып алынды.  

Экинчи орунга муниципалитеттин аймагында сугат суусу менен байланышкан көйгөйдү чечүүгө арналган "Арал айыл аймагындагы сугат жерлерин сугат суу менен камсыздоо" деген аталыштагы долбоор чыкты. 

Артыкчылык боюнча үчүнчү орунду "Балдар биздин келечек – аларга бакча керек" деп аталган мектептин базасында бала бакча уюштуруу демилгеси алды. 

Төртүнчү жана бешинчи орундарды "Арал айылындагы ҮДТнын №2 корпусунун оңдоо иштерин толук өткөрүү" жана "Таза суу – өмүр булагы" деген аталыштагы долбоорлор алышты.