Жалал-Абад облусунун Көк-Таш айылдык аймагынын тургундары жакшы жашоо жолун тандашты

Жалал-Абад облусунун Көк-Таш айылдык аймагынын тургундары жакшы жашоо жолун тандашты

ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун алкагында уюштурулуучу кичи гранттар Программасына катышуу максатында артыкчылыктуу долбоорду тандап алуу боюнча айылдык жыйын Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айылдык аймагында болуп өттү.

ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун алкагында уюштурулуучу кичи гранттар Программасына катышуу максатында артыкчылыктуу долбоорду тандап алуу боюнча айылдык жыйын Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айылдык аймагында болуп өттү. Жыйында 57 адам катышып, алардын арасында 18 аял, жергиликтүү кеңештин 4 депутаты, АӨнүн 9 адиси жана Демилгечи топтун 11 мүчөсү катышты.

Көк-Таш айылдык аймагы Жалал-Абад облусунун эң алыскы муниципалитеттеринин бири болуп эсептелет. Аталган муниципалитет Өзбекистан Республикасы менен чектеш жайгашып, анын узундугу 110 чакырымды түзөт. Советтер Союзунун мезгилинде жана ал кулагандан кийин бул аймактын чек ара менен байланышкан көйгөйлөрүнө жана кыйынчылыктарына өзгөчө эч ким көңүл бурган эмес. Бирок азыркы күндө деле көзгө көрүнүктүү өзгөрүүлөр болгон жок – мисалы, азыркы күндө деле жергиликтүү калктын көпчүлүгү электр жарыгысыз жашап келишет, ал эми иче турган суу арыктан алынат. Мектептин жоктугунан балдар 3 смена менен 30 мүнөттөн гана окушат жана ал сабактар дагы палаткаларда өткөрүлөт. Бирок ошентсе дагы жергиликтүү калк өз көйгөйлөрүн өз алдынча чечкенге аракет жасап жатышат. Ага мисал катары аталган жыйында тандалып алынган долбоорду алсак болот – муниципалитет райондук борбоордон 110 чакырым алыстыкта жайгашкандыктан, барып-келүүдө чоң кыйынчылыктарды жараткан ички жолдорду оңдоо боюнча долбоор тандалды. Кыш мезгилинин кээ бир учурларында бул аймак такыр эле жабылып калган күндөрү да болот.

Жыйындын катышуучуларынын назарына аймактагы 2012-жылдын күз айларында өткөрүлгөн ЭКБА-иш-чараларынын натыйжасында түзүлгөн Демилгечи топтор тарабынан иштелип чыккан долбоорлор тартууланды.

Жалпысынан 3 долбоор тартууланып, аларга катышуучулардын ичинен 41 добуш берди. Добуш берүүнүн натыйжасында долбоорлорго болгон артыкчылык төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

“Бакубат жашоо жолдон башталат”, ички жолдорду оңдоп-түзөө боюнча долбоор - 19 добуш;

“Электр жарыгы – өнүгүүнүн башаты” - 14 добуш;

“Сугат суу – киреше булагы” - 8 добуш.