Ак-Чий айылдык аймагына жакшы жолдор керек

Ак-Чий айылдык аймагына жакшы жолдор керек

“Ак жол”долбоору биринчи орунга чыкты

Ак-Чий аймагында айыл жыйыны болуп өттү. Жыйында аймакка караштуу 3 айылдын жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнөн 50 адам катышты.

Артыкчылыктуу долбоорлордун сунуштарын иштеп чыгуу максатында атайын түзүлгөн Демилгечи топтордун мүчөлөрү катышуучуларга өз иштеринин натыйжаларын тартуулашты. Алар иштеп чыккан долбоорлордун арасынан эң маанилүү деп эсептелген 3 долбоор тартууланган соң аларга добуш берүү жүргүзүлдү. Добуш берүүнүн натыйжасында 31 адамдын колдоосуна ээ болгон ички жолдорду оңдоп-түзөө боюнча “Ак жол”долбоору биринчи орунга чыкты. “Муз жылгаяк” деген аталыштагы жергиликтүү калктын бош убактысына атайын жай түзүү боюнча долбоор 12 добуш менен экинчи орунга чыкты. Ал эми маданият борбору деп аталган айылдын клубун оңдоп-түзөө боюнча долбор 7 гана добушка ээ болду.