Интернет эми Тогуз-Тородо да жеткиликтүү

Интернет эми Тогуз-Тородо да жеткиликтүү

Маалымат менен алмашууну жакшыртуу жана аны жеткиликтүү кылуу максатында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо айылдык аймагына Интернет USB модеми орнотулду.

Маалымат менен алмашууну жакшыртуу жана аны жеткиликтүү кылуу максатында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо айылдык аймагына Интернет USB модеми орнотулду. Мындан сырткары, аталган аймактын айыл өкмөтүнүн адистери үчүн атайын окутуу да өткөрүлдү. Ал окутуулардын жүрүшүндө адистерге берилген жаңы каражатты туура жана максаттуу пайдалануу жолдору айтылып берилди.

Бул жардам Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында көрсөтүлдү.

Эске сала кетсек, мындай техникалык жардам мындан мурун Долбоордун пилоттук деп табылган Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын 12 айылдык аймагына да берилген.