Тазалык – ден соолук башаты!

Тазалык – ден соолук башаты!

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Сумсар айылдык аймагында да артыкчылыктуу долбоорду тандоо боюнча атайын аймак жыйыны болуп өттү.

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Сумсар айылдык аймагында да артыкчылыктуу долбоорду тандоо боюнча атайын аймак жыйыны болуп өттү. Бул иш-чарага айыл тургундарынын 130 өкүлү катышты. иш-чарага бул ирээт аялдар активдүү катышкандыгын белгилей кетүү керек, себеби 130 катышуучунун ичинен 80 аялзаты болду. Мындан сырткары, депутаттар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын 12 адиси да катышты.

2012-жылдын күз айларында өткөрүлгөн ЭКБА-иш аракеттеринин натыйжасында аныкталган көйгөйлүү маселелердин ичинен эң маанилүү деп табылган үч маселени чечүү боюнча иштелип чыккан 3 долбоордук сунуш Демилгечи топтор тарабынан элге тартууланды. Ал маселелер: таштандыны чыгаруу, көчө жарыктарын орнотуу жана жолдорду оңдоо.

Презентациялардын соңунда, 111 адам катышкан добуш берүү болуп өттү. Анын натыйжасында эң көп – 89 добушка таштандыны чыгаруу жана айылды тазалоо боюнча долбоор ээ болду. Көчө жарыктарын орнотуу боюнча долбоор 15 жана жолдорду оңдоо боюнча долбоор 7 добушка ээ болду.