Жалал-Абад облусунун 8 районунун 25 айылдык муниципалитеттеринин өкүлдөрү өз кесиптештеринин тажрыйбасы менен жеринде барып таанышат

Жалал-Абад облусунун 8 районунун 25 айылдык муниципалитеттеринин өкүлдөрү өз кесиптештеринин тажрыйбасы менен жеринде барып таанышат

Иш сапардны жүрүшүндө катышуучулар Сузак районунун Ленин жана Багыш аймактарына, Ноокен районунун Сакалды аймагына жана Базар-Коргон районунун Арстанбап айылдарына барышат.

2013-жылдын 15 – 17 июлдарында Жалал-Абад облусунун 25 айылдык аймактарынын башчылары жана оруна басарлары үчүн тажрыйба алмашуу иш сапары өткөрүлөт. Иш сапардны жүрүшүндө катышуучулар Сузак районунун Ленин жана Багыш аймактарына, Ноокен районунун Сакалды аймагына жана Базар-Коргон районунун Арстанбап айылдарына барышат.

Сапардын катышуучуларынын арасында Швейцария өкмөтү каржылап Өнүктүрүү саясат институту учурда ишке ашырып жаткан “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун пилоттук муниципалитеттери менен катар пилоттук эмес, бирок долбоор райондук деңгээлде өткөргөн түрдүү иш-чараларга активдүү катышкан айыл аймактарынын да өкүлдөрү бар.  

Сапардын жүрүшүндө катышуучулар Ленин айылдык аймагында 15-июль күнү өтүүчү 2014-жылдын бюджетинин долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угууларга күбө боло алышат. Ошондой эле, катышуучулар 2012-жылы аталган аймакта түзүлгөн Турмуш-тиричилик чарбасынын отчету, алардын көйгөйлөрү жана ийгиликтери менен таанышышат.


Мындан сырткары, катышуучулардын назарына Багыш айылдык аймагында өткөрүлгөн ЭКБА-иш-чараларынын натыйжалары сунушталып, аны менен бирге бир катар социалдык объекттерге барышат. Кеңеш жана Сакалды айыл өкмөттөрү өз кесиптештерине айыл өкмөтүнүн жергиликтүү калк менен болгон баарлашуусун жана анын натыйжаларын көрсөтүшөт; калк менен маалымат алмашуу, бюджет тууралуу маалыматы атайын маалымат такталарына жайгаштыруу аркылуу ачык-айкындуулукка аракеттер жана КРнын маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө Мыйзамынын аткарылышы тууралуу айтып беришет.
“Өлкө ичинде муниципалитеттер ортосунда мындай тажрыйба алмашуу сапарларын уюштуруу биринчи жолу болуп жаткан жок. Биз бул тажрыйбаны көп жылдан бери колдонуп келе жатабыз, жана ар бир жаңы иш-чарадан кийин биздин өлкөдөгү окшош көйгөйлөрдү чечүү боюнча өз кесиптештериң жана жердештериң издеп тапкан жолдорду үйрөнүүдөн ашык тажрыйба жок экендигине биз ынанып келе жатабыз”, - дейт Гуляим Шамшидинова, иш сапардын координатору, Долбоордун ЖӨБ маселелери боюнча адиси.

Кененирээк: Нургуль Жаманкулова, Өнүктүрүү саясат институтунун маалымат жана коомчулук менен байланышуу боюнча адиси, тел.: (0555) 313-385, (0770) 771-711, эл.почта: njamankulova@dpi.kg, веб-сайт: www.vap.kg, www.dpi.kg