Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын Элчилиги Кыргызстандын төрт айыл муниципалитеттерине техника сатып алуусуна жардам берди

Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын Элчилиги Кыргызстандын төрт айыл муниципалитеттерине техника сатып алуусуна жардам берди

Аталган жардам боюнча салтанаттуу азем Швейцария Элчилигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда 2013-жылдын 24-июлунда Бишкек шаарында өтөт.

2013-жылдын 24-июлунда Бишкек шаарында Жалал-Абад облусунун Көк-Таш, Сумсар жана Сакалды айылдык аймактарынын жана Ысык-Көл облусунун Улахол айылдык аймагынын өкүлдөрүнө техника сатып алуу үчүн жалпысынан 4 миллион сомго барабар болгон атайын сертификаттар тапшырылат.

Аталган аймактардын тургундары таштандыны топтоо жана аны чыгаруу маселелерин артыкчылыктуу деп аныкташкан. Кичи гранттар Программасынын жеңүүчүсү болуп табылган бул аймактардын ЖӨБ органдары жалпы суммасы 7 миллион сомдон ашык болгон атайын техниканы сатып алышат, жана алардын ичине 4 миллион сомдон ашыгы грант каражаттарынын эсебинен болсо, калган 3 миллион сом – бул айылдык аймактардын жергиликтүү бюджеттеринин өздүк каражаттары. 

Бул гранттык жардам Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында көрсөтүлүүдө. 

“Биз Кыргызстандын айыл муниципалитеттеринде жашоо шарттарынын сапатын жакшыртууга жардам берүүгө аракеттенип жатабыз. Жана аны мене бирге конструктивдүү баарлашуу менен жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууда катышуусу – Кыргызстандын аймактарынын өнүүгүүсүндө маанилүү ресурс экендигине ишенебиз”, - дейт Швейцария Башкармалыгынын Борбордук Азиядагы Өнүктүрүү жана Кызматашуу боюнча Программалык менеджери Томас Вальдер мырза. “Гранттар – долбоордун максаты эмес, бирок алар муниципалитеттер үчүн кошумча стимул жана алынган билимди иш жүзүндө колдонуу аспабы катары каралса болот. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калктын кызыкчылыгын көздөп натыйжалуу иш алып баруусуна биз ишенебиз”.

“Таштандыны чыгаруу маселеси Кыргызстандын аймактары үчүн абдан актуалдуу, себеби Советтер Союзунун убагынан бери мындай тейлөө кызматы жок болуп келген”, - дейт долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев мырза. “Жергиликтүү жамааттарга ЖӨБ органдары аркылуу жардам көрсөтүлүүдө, жана бул жагдай грант каражаттарынын катышуусунда сатылып алынган техниканын максаттуу жана туура пайдаланыла тургандыгынын кепили болот”. 

2012-жылы да таштанды чыгарууга атайын техника Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын үч айыл аймагына грант каражаттарынын эсебинен берилип, ал аймактарда таштанды чыгаруу маселелери чечилген.  

Толук маалымат: Өнүктүрүү саясат институтунун маалымат жана коомдук байланыш боюнча адиси Нургуль Жаманкулова, тел.: (0555) 313-385, (0770) 771-711, эл.почта: njamankulova@dpi.kg, веб-сайт: www.vap.kg, www.dpi.kg

***

Бул жардам жарандардын бюджет тууралуу маалыматка болгон укугун бекемдөөгө жана аларды бюджеттин сарпталышы тууралуу талкууга тартууга жардам берген “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Ошону менен бирге, долбоор, инвестициялык фонд аркылуу, жергиликтүү башкаруу органдары муниципалдык кызматтар менен сапаттуу тейлөөсүнө көмөктөшүүчү ресурстарды камсыздайт.