Бюджетти үйрөнөбүз!

Тренинг пилоттук эмес АА жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн катышуусунда пилоттук айылдык аймактардын деңгээлинде өткөрүлдү.

Тренинг пилоттук эмес АА жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн катышуусунда пилоттук айылдык аймактардын деңгээлинде өткөрүлдү. Жалпысынан тренингге 250 адам катышты, алардын ичинен 42 катышуучу Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын пилоттук эмес 26 АА келди. Семинар-тренинг өз алдына төмөнкүдөй милдеттерди койду: катышуучуларды жергиликтүү бюджет жана бюджеттик процесске жарандардын катышуу механизмдери менен тааныштыруу.

Тренингдин жүрүшүндө жергиликтүү жамааттын жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү жергиликтүү бюджетти, анын чыгашалары менен кирешелерин кызуу талкуулашты. Практикалык көнүгүүлөрдү аткаруу менен катышуучулар жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн арттыра ала турган чыныгы кирешелерди өздөрү эсептеп чыгышты.

Талкуунун жүрүшүндө ошондой эле калк бюджеттик процессте өзүнүн ролун дагы деле баамдай албай жатканы аныкталды. Жергиликтүү жамааттын бюджеттик процесске катышуусунун формалары жетиштүү деңгээлде өнүккөн эмес.

Тренингдин алкагында жарандардын бюджеттик процесске катышуусунун төмөнкүдөй механизмдери көрсөтүлдү:

  • жергиликтүү бюджеттин кирешелерин божомолдоого мониторинг;
  • жергиликтүү бюджеттин аткарылышына мониторинг;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштар жана сурап билүүлөр;
  • коомдук угуулар;
  • демилгелүү топтор.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар салыктарды чогултуу тажрыйбасы менен бөлүштү. Мисалы, Липенка АА өкүлдөрү киреше бөлүктү короо алдындагы участоктор үчүн салык салуунун эсебинен жетишсе болорун айтышты. Аталган АА мындай жерлер 90 сотикке жетет экен. Айылдын старосталары салык инспекторлору менен биргеликте ар бир короону кыдырып чыгып, салыктар боюнча өз божомолдорун даярдашат. Багыш АА катышуучулар практикалык көнүгүү катары төрт бильярд столунан түшө турган ыктымал кирешени эсептеп чыгышты. Ырыс АА катышуучусу – курулуп жаткан дүкөндүн ээси – имаратка салыкты эсептеп чыкты. Ал 4032 сомду түздү. Багыш АА май куюучу жайдын айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерине салыктын өлчөмү эсептелди. Багыш АА салык инспектору тармактык коэффициент 10,0 түзөөрүн, бул коэффициент боюнча май куюучу жай үчүн пайдаланылган жерге салык эсептелерин айтты.

Коомчулук айткан көйгөйлөр бюджет боюнча чечим кабыл алып жаткан ЖӨБ органдарынын күн тартибине киргенде жана бюджеттик чечимдерди кабыл алууда калктын керектөөлөрү эсепке алынганда гана жарандардын бюджеттик процесске катышуусу натыйжалуу болмок деген пикирлер айтылды. Жарандардын катышуусунун деңгээли жана формасы канчалык туура тандалса, өз ара аракеттешүү канчалык уюштурулса, жарандардын бюджеттик процесске катышуусунан ошончолук чоң натыйжаны алса болот.

Тренинг катышуучуларга жергиликтүү бюджет эмнеден көз каранды болгонун жана алар анын натыйжасына кантип таасир эте аларын баамдаганга жардам берди. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү калктын артыкчылыктары катары аныкталган иш-чараларды (долбоорлорду) жергиликтүү бюджеттин чыгашасына кошуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү канчалык маанилүү болгонун көрө алышты. Бул үчүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү айыл өкмөт аппараты жана башка адистер менен кызматташтыкта чыгашалардын сметасын жана долбоорлорду даярдашат. Андан соң алардын долбоору (иш-чарасы) 2014-жылга карата жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө киргизилиши үчүн ЖӨБ органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Жергиликтүү кеңештин депутаттары жана демилгелүү топтун мүчөлөрү бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугу тууралуу маселени көтөрүп чыгышты, талкууларда жетишкен натыйжаларды жана сарпталган каражаттардын натыйжалуулугун кантип өлчөсө болот деген суроолор көп берилди.

Ошондой эле катышуучулар бюджеттин кыскача сүрөттөлүшүнө суроолорду даярдоо боюнча практикалык көнүгүүлөрдү кызыгуу менен аткарышты. Бул көнүгүү берилген маалыматты окуй алуу жана суроолорду туура түзүү зарыл экенин түшүнүүгө жардам берди. Жамаат бюджеттик маалыматты аягына чейин түшүнө элек жана жакшы түзүлгөн суроолордун жардамы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү жакшы өздөштүрө элек. Көп учурда катышуучулар суроолорду эмес, өз ой-пикирин жана божомолдорун түзүп жатышты. Кээде болсо сунушталган маалыматка карата жоопторду жана кеңештерди берип турушту. Жарандар ЖӨБ органдары берген маалыматка көп ишене бербегени байкалып турду.

Талкуунун жүрүшүндө демилгелүү топтун мүчөлөрү айыл өкмөтүндө салык төлөөчүлөр тууралуу толук маалымат болбогонун белгилешти. Бардык эле ишкерлер катталган эмес жана салык төлөбөйт. Мындай кырдаалда айыл өкмөтү тарабынан кирешелерди божомолдоонун мааниси жана тиешелүү структуралар – салык инспекциясы, Мамлекеттик каттоо кызматы, статистикалык комитет жана башка мамлекеттик органдар – менен кызматташуу зарылчылыгы түшүнүктүү болуп турат.