Айкындуулукка үйрөнөбүз!

112 муниципалитет үчүн «Муниципалдык каржыны жана муниципалдык менчикти башкарууда ЖӨБ органдарынын айкындуулугу» тренинги өттү.

Тренингдер 2013-жылдын 15-майынан 2013- жылдын 17-июнуна чейин өткөрүлдү. Тренингдер Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы райондордун деңгээлинде өткөрүлдү. Эки облус боюнча катышуучулардын саны 240 адамды түздү.

Тренингдин негизги максаты – муниципалдык каржыны жана менчикти башкарууда ЖӨБ органдарынын ишинин айкындуулугун камсыздоо. Тренингдин тапшырмалары: катышуучуларды “Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын карамагында турган маалыматка жетүү жөнүндө” мыйзам менен тааныштыруу, каржыны жана менчикти башкарууда айкындуулукту камсыздоонун механизмдерин үйрөнүү, маалымат алмашуу жана жарандык катышуу боюнча пландарды иштеп чыгуу.

Катышуучулар мындай тренинг өз маалында өткөнүн белгилешти, анткени ЖӨБ органдары тарабынан көпчүлүк бузуулар Мыйзамды жакшы билбегендиктен жана ресурстарды башкарууда айкындуулукту камсыздабаганы үчүн болуп жатат.

Тренингдин маанилүү натыйжаларынын бири катары айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин, жарандардын жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын күчү менен пилоттук аймактарда өткөрүлгөн ЖӨБдүн аткаруу органдарынын ишинин айкындуулук деңгээлине өздөрү баа бергенин атаса болот. Көнүгүүлөрдүн маңызы жөнөкөй: түрдүү топтор маалыматка жетүү жөнүндө мыйзамдын 17, 18 жана 20-беренелеринде белгиленген маалыматтардын кайсы түрлөрү калкка жеткиликтүү болгонун аныкташат. Практика көрсөткөндөй, түрдүү топтордун көз карашы айырмаланып турат жана бул айырмачылыктар көңүл бурууга арзый турган маалыматтардын көйгөйлүү түрлөрүн аныкташат.

Мисалы, бул тренингдин тажрыйбасы көрсөткөндөй, жарандар жана айылдык кеңеш маалыматтын төмөнкү түрлөрүн жеткиликтүү деп эсептешет:

  • жарандардын кайрылуусу;
  • ЖӨБ органдарынын функциялары жана ыйгарым укуктары;
  • айыл өкмөт башчыларынын отчеттору.

Айыл өкмөт аппаратынын кызматкерлери болсо, алар маалыматтын көбүрөөк түрлөрүн ачыктап жатканын ырасташат:

  • айыл өкмөт башчысынын отчеттору;
  • жарандардын кайрылуусу;
  • АӨ иш планы;
  • муниципалдык менчик объекттеринин реестрлери;
  • тооруктар, муниципалдык кызматка бош орундар тууралуу маалыматтар.

Бул айырмачылыкты талкуулоо учурунда айыл өкмөтүнүн кызматкерлери эрежеге ылайык, маалыматтын дээрлик бардык түрлөрү ар бир муниципалитетте бар болгонун, анткен менен дайыма эле аткаруучулар калктын ошол маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыздоонун маанисин түшүнө бербей турганын мойнуна алышат.

Дискуссиянын натыйжасында катышуучулар маалыматтын 20-30% гана жергиликтүү жамааттын тургундары үчүн жеткиликтүү болгонун мойнуна алышты.