ЖӨБ органдарына салыктардын айрым түрлөрүн администрациялоонун өткөрүп берүү механизмин иштеп чыгуу боюнча Жумушчу топтун үчүнчү жыйыны

КР Өкмөтү жактан жумушчу топту биринчи вице-премьер-министр Жоомарт ОТОРБАЕВ жетектейт.

2013-жылдын 14-июнунда Салыктардын айрым түрлөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын администрациялоосу боюнча методикалык окуу куралын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун үчүнчү жолугушуусу өттү.

Жумушчу топтун курамына Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун өкүлдөрүнүн ичинен тийиштүү тармактагы адистер кирет.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 20-февралындагы №25 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын талаптарына ылайык өткөрүлдү. Мыйзамдын маңызы ЖӨБ органдарына жер салыгы, мүлк салыгы, ыктыярдуу жана милдеттүү патенттер өңдүү салыктын түрлөрүн чогултуу жана администрациялоо боюнча укуктар өткөрүлүп берилип жатканында камтылган.

КР Өкмөтү жактан жумушчу топту биринчи вице-премьер-министр Жоомарт ОТОРБАЕВ жетектейт.