Коомдук угуулар:формалдуу чогулушту катышуунун натыйжалуу механизмине кантип айландырса болот?

Коомдук угууларга арналган бул иш-чаралар 2013-жылдын 24-майынан 31-майына чейин Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын райондук борборлорунда болуп өттү.

2013-жылдын 24-майынан 31-майына чейин Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын райондук борборлорунда Швейцария Өкмөтү каржылаган «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги менен түзүлгөн меморандумдун негизинде долбоордун эксперттери тарабынан бардык ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү үчүн 2014-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү боюнча коомдук угуулар боюнча тренингдер өткөрүлдү.

Негизги максаты – жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн туура жана реалдуу түзүү боюнча айыл өкмөтүнүн адистеринин жана айылдык кеңештин депутаттарынын потенциалын жогорулатуу жана калкты коомдук угууларды өткөрүү жолу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана бюджеттик процесске тартуунун механизмдерине окутуу.

Окутууга облустагы ар бир айылдык аймактан жергиликтүү кеңештин төрагасы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы, айыл өкмөт башчысы жана эки ФЭБ жетекчилери катышты (баары болуп 343 адам).

Тренинг эки чоң бөлүктөн турду:

  • жергиликтүү бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүктөрү, мында өзгөчө көңүл практикалык эсептерге бурулду;
  • калктын артыкчылыктарын эсепке алуу менен 2014-жылга бюджеттин долбоорунун кыскача сүрөттөлүшүн даярдоо менен коомдук угууларды өткөрүү.

Мамлекеттик бюджет саясаты жаатындагы бир катар реформалардын алкагында жергиликтүү бюджетке жалпы мамлекеттик салыктардан түшүүлөрдөн 100% көлөмүндөгү чегерүүлөрдүн нормативи салыктын үч түрү боюнча бекитилген, ошондой эле жергиликтүү салыктардын эки түрү бекитилген болчу. Жергиликтүү маанидеги 22 маселени ишке ашыруу үчүн кошумча акча каражаттары баскыч-баскычы менен көбөйтүлүп турган, бирок бюджетти болжолдоо менен катар айыл өкмөт аппаратынын кызматкерлеринде жана жаңы депутаттык корпуста суроолор пайда боло баштады:

  • кантип эсептеш керек?
  • ким билет?
  • ким билиш керек?
  • жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин өсүшү биздин кызыкчылыгыбыздабы?
  • бюджет тууралуу калкты кантип туура кабардар кылыш керек?
  • калктан, лидерлерден сунуштарды, пикирлерди кантип алса болот?

Ушул суроолордун баарына жооп берүү үчүн коомдук угуулар боюнча тренинг кайра иштелип чыкты. Жөн гана угууларды өткөрүүнүн тартибине үйрөтүүнүн ордуна катышуучуларга абстрактуу айыл өкмөтүнүн мисалында жергиликтүү бюджетке түшүп жаткан салыктардын практикалык эсебин камтыган окуудан өтүү сунушталды. Бул материалды катышуучулар 2014-жылга бюджеттин өз долбоорун түзүү жана коомдук угууларды өткөрүү үчүн жардамчы усул катары колдоно алышты. Тренингде «Жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө жарандардын реалдуу катышуусу» сынагы өтөрү жарыяланды. Бул болсо калкты бюджет маселелери боюнча чечим кабыл алууга тартуу үчүн дем болмокчу.

Бюджет маселелери боюнча коомдук угуулар тууралуу маалымдуулуктун деңгээли бардык катышуучуларда бир топ эле жогору болду, бирок көпчүлүк депутаттарда жана ЖӨБнын жаңы шайланган башчыларында эсептерди түшүнүү, Салык кодекси, өкмөттүн токтомдору менен иш алып баруу, өз алдынча угууларды өткөрүү деңгээли жетишсиз болуп чыкты. Айталы, Сумсар АА кошпогондо, Чаткал районунда коомдук угуулар бир дагы аймакта өткөрүлгөн эмес, ал эми Ак-Суу районунда эки аймакта гана бюджет боюнча коомдук угуулар өткөн. Анткен менен Базар-Коргон, Сузак, Жети-Өгүз райондорунун айрым айыл өкмөттөрүндө бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрүү практикасы бар.