Муниципалдык сайт: ким үчүн жана эмне үчүн?

2013-жылдын 6-7-май күндөрү Жалал-Абад жана Караколдо муниципалдык сайтты түзүү жана киргизүү боюнча көрсөтмө берүү семинарлар өттү.

2013-жылдын 6-7-май күндөрү Жалал-Абад жана Караколдо муниципалдык сайтты түзүү жана киргизүү боюнча көрсөтмө берүү семинарлар өттү.

Семинарга Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы сегиз муниципалитеттин жана эки райондук мамадминистрациянын өкүлдөрү катышты. Катышуучулардын жалпы саны 21 адамды түздү.

Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга сайттын зарылчылыгына, анын иштешине жана максатына тийиштүү бир нече темалар сунушталды. Тренер катары Weltkind’s студиясынын веб-дизайнери Константин ВЕЛИЧКО чакырылды. Теория бөлүгү аяктаган соң катышуучуларга максаттуу аудиторияны жана сайттын максатын өздөрү аныктап алуу мүмкүнчүлүгү берилди.

Семинардын соңунда катышуучулар муниципалдык сайтты түзүү боюнча иштердин болжолдуу планын түзүштү – ар бир муниципалитеттен өкүл өз планын тартуулады, ага ылайык, 3-июнга чейин алар жергиликтүү кеңештин сессиясында аны бекитиш керек болчу.

Эскерте кетели, ушул жылдын январында ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун алкагында муниципалдык сайтты түзүү боюнча Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы муниципалитеттер арасында сынак жарыяланган. Бирок долбоордун адистери менен талкуулагандан кийин өзгөчө кызыгууну аныктоо жана алардын даярдыгын көрүү максатында табыштама берген бардык муниципалитеттер үчүн көрсөтмө семинар өткөрүү чечими кабыл алынды.