Швейцария өкмөтү КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик Агенттигине техникалык жардам көрсөттү

Швейцария өкмөтү КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик Агенттигине техникалык жардам көрсөттү

Техникалык колдоо ирээтинде берилген бул жардам 2013-жылдын 11-июнунда кол коюлган эки тараптуу Меморандумдун негизинде ишке ашырылды.

2013-жылдын 19-августунда Бишкек шаарында КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик Агенттигине техникалык жабдууларды берүү иш-чарасы болуп өттү. Бул техникалык жардам Швейцария өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Долбоор Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылат.

Техникалык колдоо ирээтинде берилген бул жардам 2013-жылдын 11-июнунда кол коюлган эки тараптуу Меморандумдун негизинде ишке ашырылды. Ал Меморандумга ылайык, аталган кызматташуунун негизги максаты – эки тараптын ортосунда Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө багытталган бирдиктүү иш-чаралардын планын аткаруу үчүн өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана иш алып баруу. 

“Силер кыргызстандык уюм экендигиңерге жана жалаң гана донордук уюмдардын колдоосунда иш алып баргандыгыңарга карабастан, биздин Агенттикке да мындай жардам көрсөтүп жатканыңарга абдан ыраазыбыз. Биз бул алынган компьютерлерди, принтерлерди жана башка жабдууларды толугу менен өзүбүздүн ишибизди натыйжалуу жасаганга максаттуу пайдаланабыз”, - деди КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик Агенттигинин директору Касиев Накен.

“Бул жабдуулар биздин Долбоор менен Агенттиктин ортосунда кызматташтык карым-катнашты түзүүнүн алкагында берилүүдө. Биздин бул жардамыбыз Агенттиктин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатып, мекеменин алдында мамлекеттик башкаруунун децентралдаштыруусундагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы реформаларды натыйжалуу ишке ашырылуусуна көмөк берет деген үмүттөбүз”, - деди “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун жетекчиси Бекиев Бекболот.

Жалпы баасы 244 994 сомду түзгөн бул техникалык жардамдын алкагында 10 персоналдык компьютер, Panasonic KX-TS2361 үлгүсүндөгү 10 телефон, Canon LBP-2900 үлгүсүндөгү 7 принтер жана Canon I-SENSYS MF4410 үлгүсүндөгү 3 МФУ берилди.

Толук маалымат үчүн Өнүктүрүү саясат институтунун Долбоорунун коомдук байланыш боюнча адиси Нургүл Жаманкуловага кайрылыңыздар: (0555) 313-385, (0770) 771-711, эл.почта: njamankulova@dpi.kg, веб-сайт: www.vap.kg, www.dpi.kg