“Жергиликтүү демилге 2013” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Жергиликтүү жамааттардын демилгелери элет жеринде турмушту жакшырта алат. Бирок ал демилгелер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте өткөрүлүүсү шарт

Кыргыз Республикасынын айыл тургундары өз күчүн жана убактысын турмуш шарттарын жакшыртууга жумшаганга даяр. Өзгөчө натыйжаны мындай демилгелер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдоого алынганда берет. Мындай демилгелер көп жана аларга мисал болуп жалпы байге фонду үч жүз миң сомду түзгөн “Жергиликтүү демилге 2013” сынагына катышкан демилгелер да каралса болот.

2013-жылдын июлунда өлкөдө “Жергиликтүү демилге 2013” сынагы жарыяланган. Сынак Швейцария өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында жана Германия өкмөтүнүн жарандык коомду колдоо боюнча GIZ уюмунун каржылоосунда өткөрүлдү. Долбоорду Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырат.

Сынактын максаты – Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын аймактарындагы эң мыкты демилгелерди табуу жана дем берип кызыктыруу, жана аны менен бирге бул мыкты тажрыйбаларды Кыргызстандын башка муниципалитеттерине да жайылтуу болгон. Тандоонун эң негизги критерийи катары жергиликтүү жаматтын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнөктөштүктө кызматташуусу каралган. Сынактын жалпы байге фонду 300 000 (үч жүз миң) сомдон түзүлүп, ал каражаттар жергиликтүү жаматтардын ЖӨБО менен бирдиктүү коомдук иш-чараларды өткөрүүдө пайдаланылуучу жабдууларды алып берүүгө багытталуусу шартталган.

Сынакка жалпысынан 36 айылдык аймактан 46 табыштама түшкөн (25 табыштама Жалал-Абад жана 21 табыштама Ысык-Көл облустарынан). Курамында “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун, Германия өкмөтүнүн жарандык коомду колдоо боюнча GIZ уюмунун, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттигинин, “Ачык-айкын бюджет үчүн” Альянсынын жана Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлдөрүнөн турган комиссия табыштамаларды карап чыгып, сынактын жеңүүчүлөрүн аныктады. Ага ылайык:

1. “Муниципалдык транспорт уюштуруу” демилгеси үчүн Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо ААга 1-орун жана 100 000 сом байге;

2. “Балдар – биздин келечегибиз, аларга бала бакча керек” демилгеси үчүн Жалал-Абад облусунун Бешик-Жон ААга 2-орун жана 70 000 сом байге;

3. “Сугат суу – кирешенин жана калктын турмушун жакшыртуу булагы” демилгеси үчүн Ысык-Көл облусунун Арал ААга 3-орун жана 50 000 сом байге ыйгарылды.
Мындан сырткары, сынакка актвидүү катышкандыктары үчүн ар бири 10 000 сомду түзгөн дем берүүчү байгени төмөнкү демилгелерди ишке ашырган айыл аймактарына ыйгаруу каралды:

“Балдар үчүн бала бакча”, Кызыл-Туу АА, Сузак району, Жалал-Абад облусу.

“Таза суу – Баястан участкасынын тургундары үчүн артыкчылыктуу көйгөй” – Авлетим АА, Аксы району, Жалал-Абад облусу.

“Көпүрө куруу”, Жаңы-Жол АА, Аксы району, Жалал-Абад облусу;

“Суу – бул өмүр”, Сумсар АА, Чаткал району, Жалал-Абад облусу;

“Ар бир үйдө - суу”, Жети-Өгүз АА, Жети-Өгүз району, Ысык-Көл облусу.

“Ашар” ыкмасы менен жолдорду оңдоо”, Ак-Чий АА, Ак-Суу району, Ысык-Көл облусу.

“Биз бакчага баргыбыз келет – үмүт менен күтөбүз”, Кара-Ой АА, Ысык-Көл району, Ысык-Көл облусу.

“Ааламга жол айылдан башталат”, Багыш АА, Сузак району, Жалал-Абад облусу.

Толук маалымат (Протокол, катышуучулардын тизмеси, комиссия мүчөлөрүнүн берген баалары камтылган таблица жана сынак тууралуу Жобо) www.vap.kg, www.dpi.kg сайттарында жайгашкан.