Тогуз-Торо районунда райондук интернет-порталды түзүү боюнча процесс башталды

2013-жылдын 8-июлунда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун райондук мамадминистрациясынын имаратында райондук порталды иштеп чыгуу боюнча Жумушчу топтун жолугушуусу өттү.

2013-жылдын 8-июлунда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун райондук мамадминистрациясынын имаратында райондук порталды иштеп чыгуу боюнча Жумушчу топтун жолугушуусу өттү. Топтун курамы 17 кишиден турат. Алардын арасында бардык беш АА башчылары, райондук мамлекеттик администрациянын кызматкерлери, жарандык жамааттын өкүлдөрү жана башка кызыкдар адамдар бар. Порталды түзүү демилгесин “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс”долбоору колдоп берди. Тогуз-Торо районунун табыштамасы сынактын негизинде ишке ашыруу үчүн тандалып алынган.

Райондун акими Тилек ИДИРИСОВдун айтымында, бул демилге бир кыйла аракеттерди талап кылганы менен анын келечеги өтө кең: “Биз өз районубуз үчүн порталдын зарылчылыгын түшүнүп турабыз. Ошондуктан бизди башка талапкерлердин ичинен тандап алышы үчүн бир кыйла аракеттерди жумшадык. Райондун муниципалитеттеринин башчылары да аларга портал эмне үчүн керектигин түшүнүп турат. Ал бир жагынан маалыматка жетүү жөнүндө мыйзамдын талаптарын аткаруу үчүн керек. Биз ишти өз убагында бүтүрүү жана портал маалыматтарга бай болуп, жарандардын керегине жарашы үчүн колдон келген аракеттерди жасайбыз”.

Жумушчу топтун мүчөлөрү мойнуна алгандай, көпчүлүк ушул өңдүү сайтты түзүү тууралуу маалыматка ээ эмес, бирок бул долбоорго катышуу жана колдон келген жардамды көрсөтүү үчүн чоң каалоо бар. ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун адистери менен биргеликте жумушчу топтун мүчөлөрү сайттын алдын ала структурасын иштеп чыгышты жана порталдын ичин толтуруу үчүн зарыл болгон бөлүктөрдү жана маалыматтын түрлөрүн аныкташты. Порталды 2013-жылдын кеч күзүндө ишке киргизүү пландалууда.