Багыш айылдык аймагы калк менен 2014-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкуулады

2013-жылдын 9-июлунда Жалал-Абад облусунун Багыш айылдык аймагынын Октябрь айылында 2014-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуулар өттү.

2013-жылдын 9-июлунда Жалал-Абад облусунун Багыш айылдык аймагынын Октябрь айылында 2014-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуулар өттү.

Угууларга жергиликтүү тургундардын, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жана айыл өкмөттүн кызматкерлеринин ичинен жүздөн ашуун адам катышты.

Иш-чаранын уюштуруучулары катышуучуларга программаны, бюджеттин долбоорунун кыскача сүрөттөлүшүн жана суроолор менен сунуштарды киргизүү үчүн барак таратып жаткан маалда угуулардын модератору М. КЫРБАШЕВ бул иш-чаранын максаттары менен тапшырмаларына кыскача токтолду.

Айылдык кеңештин төрагасы Ж. САИПОВ, башчынын орун басары К. КАЛДЫБАЕВ жана долбоордун кеңешчиси А. КОЖОНОВА менен А. МАШАЕВА катышуучуларга ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун алкагындагы иштердин натыйжалары тууралуу айтып беришип,
кийинки жылга бюджетти талкуулоо боюнча алдыда боло турган процесске активдүү катышууга үндөштү.
Бюджеттин долбоору менен жергиликтүү кеңештин депутаты, бюджеттик комиссиянын төрагасы Б. ИБРАИМОВ тааныштырып, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү тууралуу кенен-чонон айтып берди. Баяндаманын соңунда катышуучулар тараптан төмөнкүдөй сунуштар түштү:

АА аймагындагы жеңил, жүк ташуучу машинелердин жана атайын техниканын ээлери салык төлөшү үчүн аларды эсепке алуу;
жергиликтүү бюджетке кошумча салыктар түшүп турушу үчүн жумуш орундарынын санын көбөйтүү үчүн кичи жана орто ишканаларды ачуу мүмкүнчүлүгүн караштыруу;
ветеринардык кызматка чыгашаларды көбөйтүү, анткени кырылган малдын саны жылдан жылга көбөйүп жатат;
түрдүү майрамдык иш-чараларга чыгашаларды азайтуу менен спортко жана маданиятка кошумча каражат бөлүү.

Угуулардын соңунда катышуучулар киргизилген сунуштарды карап чыгуу зарылчылыгы тууралуу бир добуштан чечим кабыл алып, 10 күндүн ичинде бюджеттин долбоорунун жаңыртылган версиясын айылдык аймактын территориясындагы маалымат
такталарына жайгаштырууну чечишти.