Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечебиз! Гранттык долбоорлорду ишке ашыруу...

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечебиз! Гранттык долбоорлорду ишке ашыруу...

2013-жылдын 20-майында Долбоор ушул жыл үчүн

Кичи гранттар программасы конкурсунун жыйынтыгын

чыгарды.

Эскерте кетели, Кичи гранттар программасы конкурсунун шарттарына ылайык, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын элеттик муниципалитеттеринин аткаруучу органдары жамаат үчүн эң маанилүү маселелерди каржылоого табыштама бериши керек болчу. Жалпысынан сынакка 35 табыштама түштү, алардын 20сы – Ысык-Көл облусундагы айылдык аймактардан жана 15и Жалал-Абад облусундагы айылдык аймактардан. Бир айылдык аймак үчүн гранттын суммасы 20 000 швейцар франкын (1 млн. сомго жакын) түзөт. Мында жамааттын салымы, же долбоорду колдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттын үлүшү 10 пайыздан кем болбошу керек.

2013-жылдын 20-майында Долбоор ушул жыл үчүн Кичи гранттар программасы конкурсунун жыйынтыгын чыгарды. Сынактын жеңүүчүлөрү үчүн 2013-жылдын июнь айында “Мамлекеттик сатып алууларга карата КР мыйзамдарындагы талаптардын негиздери” темасына эки күндөн 2 тренинг өттү. Сатып алуулар боюнча 7 адис Долбоордун сунуштамасы боюнча Каржы министрлигинин Окуу борборунда мамлекеттик сатып алуулар боюнча окутуудан өттү жана тийиштүү сертификатка ээ болушту. 4 жеңүүчү муниципалитет “бир булактан” ыкмасы менен техниканы сатып алууну чечти. 2013-жылдын 24-июлунда Бишкекте 4 миллион сомдон ашык суммага атайын техниканы сатып алуу үчүн сертификаттар Жалал-Абад облусунун Көк-Таш, Сумсар жана Сакалды айылдык аймактарынын жана Ысык-Көл облусунун Улахол айылдык аймагынын өкүлдөрүнө салтанаттуу түрдө тапшырылды. 3 муниципалитет тендер өткөрүүнү чечти. Бүгүнкү күндө сатып алуулардын бардык жол-жоболору өткөрүлдү, курулуш иштери жүрүп жатат.

Долбоордун аталышы

Жалпы суммасы (сом)

Долбоор (сом) Жергиликтүү бюджет (сом)
1 Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды АА " Таза селди буруучу канал-коопсуз жашоо"долбоору 2140000 1035000 1105000
2 Жалал-Абад облусунунн Чаткал районундагы Сумсар АА "Тазалык- саламаттыктын булагы" долбоору 1131200 1025000 106200
3 Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Таш АА “Жакшы
жашоо жолдон башталат” долбоору
2413000 1025000 888000
4 Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Улахол АА “Айылдын тазалыгы өз
колубузда” долбоору
1130000 1025000 105000
5 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери АА “Балдар биздин
келечегибиз” долбоору
1600000 1035000 565000
6 “Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жаңы-Жол АА “Сугат суу –
кирешенин булагы” долбоору
1100000 1035000 65000
7 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Липенка АА “Жарык айыл – жаркын келечек” долбоору 1100000 1047000 53000
  Бардыгы: 10 614 200 7 227 000 2 8872 00

 

Улахол АА. “Айылдын тазалыгы
өз колубузда” Долбоору

Катуу-тиричилик калдыктарын (КТК) чыгаруу үчүн сатып алынган атайын техника өз максатында колдонулуп жатат. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери 2013-жылдын этегине чейин Улахол АА бардык беш айылы боюнча КТК чыгаруу графигин түзүп коюшкан жана ал графикти АӨ башчысынын милдетин аткаруучу бекиткен. Дагы бир жумушчу орун түзүлдү, азырынча техниканын айдоочусу кызматчынын функциясын өзү аткарып жатат. Ушул тапта таштандыны жыйноо үчүн АӨ кызматкерлери ар бир короодон 30 сомдон чогултуп жатат. КТК чыгаруу кызматы үчүн каражаттын суммасы 55 650сомду түзүш керек. Алардын ичинен бүгүнкү күндө 14 000 сом чогултулду. КТК чыгаруу үчүн акча кара- жатын чогултуу, тарифтер боюнча коомдук угууларды муниципалитет октябрда өткөрүүнү пландап жатат.


Бостери АА. Ысык-Көл облусунун
Ысык-Көл районундагы Бостери АА
“Балдар биздин келечегибиз” долбоору


“Чынар” бала бакчасында курулуш иштери жүрүп жатат. “Вектор ИК” подрядчы уюму курулуш иштеринин 40% аткарып буттү, анын ичинде: дубалдар демонтацияланды, тосмолор курулду, каалгалар орнотулду, дубалдар шыбалды, эски сантехника алып салынды. Бардык зарыл болгон курулуш материалдары сатып алынды. Бостери АӨ подрядчыга 920 000 сом суммада биринчи траншты төлөп берди. Мониторинг жүргүзүү сапарында пландалган сумма жетишсиз болгону, анткени пландоо процесси маалында эсепке алынбай калган кошумча иштер бар экени аныкталды: канализациялык түйүндү ремонттоо, электр линиясын монтаждоо, пландалбаган тосмо ж.б. Айылдык аймак кошумча иштерди жергиликтүү бюджеттен кошо каржылаган жатат. Курулуш иштери болжол менен 2013-жылдын октябрь айынын ортосунда аяктайт деп күтүлүүдө.

Сакалды АА. “Таза селди буруучу
канал – коопсуз жашоо” долбоору


Сатып алынган атайын техника өз максатында колдонулуп жатат. Айылдык кеңештин депутаттарынын катышуусунда чогулуш өттү. Анда төрт айылдан келген төрт талапкердин ичинен экскаватор айдоочусу катары Салыжан АБДУЛЛАЕВди тандап алышты. Долбоор боюнча техниканы сатып алгандан кийин каналдын 250 км, 13 км дренаж жана 510 км ички арыктарды тазалоо пландалып жаткан.2013-жылдын сентябрь айынын ортосуна карата каналдын 115 км, ички арыктардын 235 км тазаланып бүттү. Экскаватордун сузгучу кыска болуп калгандыктан 13 км дренажды тазалоо үчүн “драглайнды”пайдалануу пландалып жатат. Муниципалитет ТКЧ кызматын түзүп, орточо тарифтер менен калкка кызмат көрсөтүүнү пландап жатат. Экскаватордун кызматын колдонуу үчүн тарифтин көлөмү калк менен талкууланып, макулдашылмакчы.

Сумсар АА. “Тазалык – саламаттык-
тын булагы” долбоору

Сатып алынган техника өз максатында колдонулуп жатат. Муниципалитет 80 000 сомго прицеп сатып алып, 4 таштанды кутусун 2 400 сомго даярдады. Дагы 6 таштанды кутусун даярдатуу пландалып жатат. Август-сентябрь үчүн Сумсар АӨ боюнча болжол менен 44 тоннага жакын КТК чыгарылды.Июлда Сумсар жана Шакафтар айылдарында элет тургундарынын катышуусунда чогулуш өткөн. Ага 55 киши катышкан. Катышуучулар КТК чыгаруу үчүн тарифти талкуулашты. Кызуу талкуулардан кийин квартал үчүн ар бир короодон 50 сомго токтошту.Ошондой эле АӨ башчысы 2013-жылдын аягына чейин Сумсар АӨ боюнча КТК чыгаруу графигин бекитти. Ушул тапта 1 адам иштеп жатат, жүк ташыгычтар жок, трактор айдоочусунун айлыгы 5000 сомду түзөт. Алибай ЖУМАБАЕВдин талапкерлиги айыл тургундары менен макулдашылган. Муниципалитет келечекте АӨ алдында ТКЧ уюштурууну пландап жатат. АӨ каржы-экономикалык бөлүмү алдын ала эсептеп чыкты. Сумсар АӨ КТК чыгаруу үчүн төм. акча каражатын чогултууну пландаштырууда: ай сайын – 15 330 сом, жылына – 183 960 сом.

Көк-Таш АА. “Жакшы жашоо жолдон
башталат” долбоору


Сатып алынган техника өз максатында колдонулуп жатат. Сынактын негизинде экскаватор айдоочусу болуп Токтоболот КОЖОБЕКОВ тандалып алынган. Долбоор боюнча жолдун 40 км жана 5 көпүрөнү ремонттоо пландалган. Сентябрга карата жолдун 25 км оңдолуп, арыктарга ар бири 3 метр болгон 32 труба төшөлүп, 4 көпүрө оңдолду: Кумдан айылындагы көпүрө – 300 000 сомго, Чоң-Сай айылындагы көпүрө – 470 000 сомго, Жалгыз-Өрүк айылындагы көпүрө – 250 000 сомго, Орто-Суу айылындагы көпүрө – 150 000 сомго. Долбоор боюнча жолдун 15 км жана Чоң-Сай айылындагы 1 көпүрөнү оңдоп чыгуу калды.

Жаңы-Жол АА. “Сугат суу –
кирешенин булагы” долбоору


Айыл өкмөтү тендер өткөрүп, жеңүүчүнү тандап,келишим түзүп, подрядчыга акча каражатын которду. Подрядчы – “Авангард жана Ко” ЖЧК. Алар комплектиси менен трансформатордук жабдууну, комплектиси менен насос станциясын сатып алышты.Насостун жана анкердин негиздерин бетондоо боюнча иштер жүргүзүлүп, трансформатордук тирөөч орнотулуп, контурду киргизүү үчүн траншеялар даярдалды. Жаңы-Жол АӨ өз кезегинде үч тирөөчү менен 1 устунду орнотуп, узундугу 60 метр электр өткөрүүчү линияларды тартышы керек. Электр линиясы үчүн устун жана зым сатып алынды. Долбоор боюнча бардык иштерди сентябрдын аягында бүткөрүү пландалып жатат.


 

Толук маалымат үчүн Өнүктүрүү саясат институтунун Долбоорунун коомдук байланыш боюнча адиси Нургүл Жаманкуловага кайрылыңыздар: (0555) 313-385, (0770) 771-711, эл.почта: njamankulova@dpi.kg, веб-сайт: www.vap.kg, www.dpi.kg