Швейцариянын элчилиги Кыргызстандагы төрт элеттик муниципалитетке таштанды тазалоо үчүн техника сатып алууга жардам берди

Швейцариянын элчилиги Кыргызстандагы төрт элеттик муниципалитетке таштанды тазалоо үчүн техника сатып алууга жардам берди

Гранттык жардам Швейцария Өкмөтүнүн каржылык колдоосу алдында Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келаткан ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун алкагында көрсөтүлдү.

 2013-жылдын 24-июлунда Бишкекте 4 миллион сомдон ашык суммага атайын техниканы сатып алуу үчүн сертификаттар Жалал-Абад облусунун Көк-Таш, Сумсар жана Сакалды айылдык аймактарынын жана Ысык-Көл облусунун Улахол айылдык аймагынын өкүлдөрүнө салтанаттуу түрдө тапшырылды. Бул аймактардын тургундары таштанды чыгаруу маселеси алардын айылындагы эң маанилүү көйгөй экенин аныкташкан. Кичи гранттар программасынын сынагында жеңип чыккан ЖӨБ органдары жалпы наркы 7 млн. сомдон ашык каражатка техника сатып алды, алардын 4 млн. сомдон ашыгы – гранттык жардам, ал эми калган 3 млн. сому – айылдык аймактардын жергиликтүү бюджеттеринин жана демөөрчүлөрдүн каражаттары.

Гранттык жардам Швейцария Өкмөтүнүн каржылык колдоосу алдында Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келаткан “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында көрсөтүлдү.

Биз Кыргызстандын элеттик муниципалитеттерине жашоонун сапатын жакшыртууга жардам берип келатабыз жана конструктивдүү диалог менен жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусу – бул Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү үчүн маанилүү ресурс болгонуна ишенебиз, - деп эсептейт Швейцария Башкармалыгынын Борбор Азиядагы Өнүктүрүү жана Кызматташуу боюнча Программалык менеджери Томас ВАЛЬДЕР мырза. – Гранттарбул максаттын максаты эмес. Бирок алар муниципалитеттер үчүн кошумча дем катары да, алынган билимди иш жүзүндө колдонуу үчүн аспап катары да каралат. Биз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калктын кызыкчылыгы үчүн натыйжалуу иштөөгө жөндөмдүү болгонуна ишенебиз”.

“Таштанды чыгаруу көйгөйү Кыргызстандагы айылдар үчүн өтө актуалдуу, анткени Советтер Союзунан бери мындай кызмат көрсөтүү болгон эмес,- дейт долбоордун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВ. Жергиликтүү жамааттарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан жардам көрсөтүлөт жана бул – техника максатка ылайык колдонула тургандыгынын кепилдиги”.

Салтанаттуу аземге “Казахмыс Голд Кыргызстан” компаниясынын башкы директору Ильяс ТУЛЕКЕЕВ да катышты: “Компания узак мезгилден бери Көк-Таш айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааты менен кызматташып келатат. Ошондуктан биз аймактын гранттык сынактагы жеңишине колдообузду көрсөтүүнү чечип, тракторду иш жүзүндө экскаваторго айланткыдай кошумча аспаптар менен күчтөндүрүү үчүн кошумча каражат бөлдүк. Бул техника муниципалитеттин көп көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берет деп үмтөтөбүз”.

2012-жылы таштанды тазалоочу атайын техника Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын үч айылдык аймагына бөлүнгөн. Бул аймактарда ушул тапта таштанды чыгаруу маселеси ийгиликтүү түрдө чечилип жатат.

Толук маалымат үчүн Өнүктүрүү саясат институтунун Долбоорунун коомдук байланыш боюнча адиси Нургүл Жаманкуловага кайрылыңыздар: (0555) 313-385, (0770) 771-711, эл.почта: njamankulova@dpi.kg, веб-сайт: www.vap.kg, www.dpi.kg