Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы жыйырма алты элеттик муниципалитеттин ар бири грант катары 1 миллион сомдон алышат

Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы жыйырма алты элеттик муниципалитеттин ар бири грант катары 1 миллион сомдон алышат

2014-жылдын апрель айынын башында “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) байге фонду 26 миллион сомду түзгөн 2014-жылдын Чакан гранттар программасы сынагынын жыйынтыгын чыгарды.

2014-жылдын апрель айынын башында Швейцария Өкмөтү Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) байге фонду 26 миллион сомду түзгөн 2014-жылдын Чакан гранттар программасы сынагынын жыйынтыгын чыгарды.

“Жергиликтүү бюджет калктын артыкчылыктарына негизделип, жамааттын эң көйгөйлүү маселелерин чечкени өтө маанилүү. Биз ЖӨБ органдарына өз ишмердүүлүгүнө жарандардын артыкчылыктуу маселелерин изилдөө жана аларды бюджеттик процесске тартуу механизмдерин киргизүүгө жардам беребиз. Гранттык программа – бул ушул процесстин бир бөлүгү, башкалардан айырмалуу “машыктыргыч”. Аны колдонуу менен ЖӨБ органдары толугу менен калктын керектөөлөрүнөн куралган, жарандар өздөрү көптөгөн варианттардын ичинен тандап алган долбоорлорду ишке ашырат. Жөнөкөй тил менен айтканда, гранттык сынакта жеңип чыгыш үчүн муниципалитет жарандарды бюджеттик процесске тартуунун бардык баскычтарынан өтүп, кайсы долбоор гранттык каражат менен ишке ашырылыш керектигин тандоо мүмкүнчүлүгүн калктын өзүнө бериш керек. Гранттык программага катышуу муниципалитеттен эбегейсиз аракеттерди, жарандар менен бюджет тууралуу бардык маалыматтар менен бөлүшүүгө даярдыкты, ишинде мүмкүн болушунча көбүрөөк ачыктыкты талап кылат. Бул гранттык программанын башка бир маанилүү айырмачылыгы – бардык каражаттар адегенде жергиликтүү бюджетке жиберилет, андан кийин гана долбоорду ишке ашырууга сарпталат. Мындай механизм муниципалитеттерди инвестициялык долбоорлорду башкарууга, капиталдык бюджетти пландоого жана мамлекеттик сатып алууларды мыйзамдарга ылайык ишке ашырууга үйрөтөт”, - деп айтты “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВ. 

Баары болуп сынакка 37 табыштама түштү. Алардын ичинен 23ү Жалал-Абад облусундагы айылдык аймактардан, ал эми 14ү Ысык-Көл облусундагы элеттик муниципалитеттерден келди.

Курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк аппаратынын, КР Каржы министрлигинин, КР Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана регионалдык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин, КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу биримдигинин, “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук бирикмесинин, Өнүктүрүү саясат институтунун жана Долбоордун өкүлдөрү кирген сынактык комиссия шайкештик критерийлери боюнча алдын ала кароодон өткөн 35 табыштаманы карап чыгып, өз бааларын койду. Алар койгон баалардын натыйжаларына ылайык, сынакта эң көп балл топтой алган 26 жеңүүчү аныкталды (толук тизмени төмөндө окуй аласыз). 

Мектепке чейинки билим берүү үчүн (бала бакчалар) шарттарды жакшыртууга, таза жана сугат сууларды камсыздоого, жолдорду оңдоого, элеттеги мектептердин абалын жакшыртууга, жаштарды колдоого, көчөлөрдү жарыктандырууга, көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, электр менен камсыздоонун айрым бир маселелерин чечүүгө багытталган долбоорлор каржылык жардам алышат. Бул долбоорлордун ар бири Кыргызстандагы айылдардын жашоосун ыңгайлуу жана коопсуз кылууга салым кошот, ал эми айрым долбоорлор өлкөнүн келечеги үчүн иштеп бермекчи.

Гранттык сынакта жеңип алган Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы айылдык аймактардын долбоорлорунун тизмеси:

  1. “Бактылуу балалык”, Октябрь АА, Ак-Суу району, Ысык-Көл облусу;
  2. “Таза суу – жашоонун булагы”, Көк-Таш АА, Ала-Бука району, Жалал-Абад облусу;
  3. “Таза коом – таза жашоо”, Базар-Коргон АА, Ала-Бука району, Жалал-Абад облусу;
  4. “Таза суу – саламаттыктын булагы”, Т.Балтагулов АА, Ала-Бука району, Жалал-Абад облусу;
  5. “Жакшы жол – татыктуу жашоонун көрсөткүчү”, Көк-Серек АА, Ала-Бука району, Жалал-Абад облусу;
  6. “Өсүп келаткан муун – өнүктүрүү саясатынын максаты”, Терек-Сай АА, Чаткал району, Жалал-Абад облусу;
  7. “Сугат суу – бай түшүмдүн шарты”, Улахол АА, Тоң району, Ысык-Көл облусу;
  8. “Баштапкы мектептин чатырын жабуу”, Кара-Ой АА, Ысык-Көл району, Ысык-Көл облусу;
  9. “Мектептин жылытуучу системасын толугу менен оңдоо иштери жаш муундун саламаттыгын бекемдейт”, Сузак АА, Сузак району, Жалал-Абад облусу;
  10. “Сугат суу – бай түшүмдүн булагы”, Жаңы-Жол АА, Токтогул району, Жалал-Абад облусу;
  11. “Айылдын маданияты тазалыкта”, Кара-Суу АА, Аксы району, Жалал-Абад облусу;
  12. “Сууга болгон урмат – өзүңө карата сый”, Кара-Жыгач АА, Аксы району, Жалал-Абад облусу;
  13. “Айылдагы Маданият үйүн толугу менен оңдоо”, Ак-Дөбө АА, Жети-Өгүз району, Ысык-Көл облусу;
  14. “Таза суу – саламаттыктын кепилдиги”, Бостери АА, Ысык-Көл району, Ысык-Көл облусу;
  15. “Биздин келечек – жаштар”, Тогуз-Торо АА, Тогуз-Торо району, Жалал-Абад облусу;
  16. “Суу өткөрүүчү түйүндүн ремонту”, Кереге-Таш АА, Ак-Суу району, Ысык-Кол облусу;
  17. “Келечек” долбоору, жыйындар залынын курулушун жыйынтыктоо, Момбеков АА, Ноокен району, Жалал-Абад облусу;
  18. “Тазалык айылдан башталат”, Акман АА, Базар-Коргон району, Жалал-Абад облусу;
  19. “Жарык ыроологон нур”, Сумсар АА, Чаткал району, Жалал-Абад облусу;
  20. “Айылдын жаңы конушунда трансформатордук подстанцияны орнотуу жана электр чубалгыларын алмаштыруу”, Талды-Суу АА, Түп району, Ысык-Көл облусу;
  21. “Жарык айыл”, Чаткал АА, Чаткал району, Жалал-Абад облусу;
  22. “Мектептин аймагында тосмолордун курулушу”, Ак-Шыйрак АА, Жети-Өгүз району, Ысык-Көл облусу;
  23. “Суусу бар эл бактылуу”, Жерге-Тал АА, Аксы району, Жалал-Абад облусу;
  24. “Мектеп – маданияттын чордону”, Чоң-Таш АА, Түп району, Ысык-Көл облусу;
  25. “Эстеликтин аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу”, Чоң-Сары-Ой АА, Ысык-Көл району, Ысык-Көл облусу;
  26. “Талаптарга жооп берген электр энергияны берүүнү камсыздоо – жаңы инфраструктураларды түзүүгө карай жол”, Кетме-Дөбө АА, Токтогул району, Жалал-Абад облусу.

Кенен маалымат алуу үчүн: Өнүктүрүү саясат институтунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси  Нургуль Жаманкулова, тел.: (0555) 313-385, (0770) 771-711, эл.почта: njamankulova@dpi.kg,  веб-сайт: www.vap.kg, www.dpi.kg