Ысык-Көлдүн муниципалитеттери калк менен иштешип жатат: кеңешүүдө жана отчет берүүдө. Ошондой эле өз ара тажрыйба алмашууда

Ысык-Көлдүн муниципалитеттери калк менен иштешип жатат: кеңешүүдө жана отчет берүүдө.  Ошондой эле өз ара тажрыйба алмашууда

Коомдук угууларга Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы муниципалитеттердин өкүлдөрү катышат

Бостеринин жашоочулары 10-июнда аймактын 2015-жылга жергиликтүү бюджетине өз сунуштарын киргизе алышат. Ал эми 11-июнда Кара-Ойдун тургундары муниципалдык коммуналдык кызматкерлердин ишинин натыйжасына өз баасын беришет. Коомдук угууларга Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы муниципалитеттердин өкүлдөрү катышат. 

Бостери айылындагы коомдук угуулардын жүрүшүндө жарандар ЖӨБ органдары менен 2015-жылга жергиликтүү бюджетти түзүү маселесин талкууласа, Кара-Ой айыл өкмөтү 2013-жыл, 2014-жылдын биринчи кварталы үчүн “ТКЧ жана ТК Башкармалыгы” муниципалдык ишкананын ишинин натыйжаларын кароого алып чыгат, ошондой эле 2015-жылга иш планын талкуулашат.

Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы Тимур Айылчиевдин айтымында, 2015-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору 33 миллион сомдон ашык суммага түзүлгөн. “Элет көйгөйлөрүн биргелешип аныктоонун жүрүшүндө максаттуу түрдө жарандардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктап, аларды чечүүгө 11 миллион сомдон ашуун каражат сарптоону пландап жатабыз, - деп айтты АӨ башчысы. – Бул акча таштанды төкчү аймактын тегерегин курчоого жана анын күрдүүлүгүн калыбына келтирүүгө (3,5 млн. сом), жолдорду оңдоого (болжол менен 0,5 млн. сом), таза суу менен камсыздоого (дээрлик 5 млн. сом) жана ФАП имаратынын курулушун жыйынтыктоого (2 млн. сомдон ашык) жумшалат. Бирок ушул инвестициялардын баарына жамааттын макулдугу керек. Мына ошол себептен коомдук угуулардын алкагында бюджет долбоорун ачык талкууга коюп жатабыз”.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандар менен боло турган эки ири жолугушуусуна Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын 19 элеттик муниципалитетинен 30 өкүл катышат. Бул “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында уюштурулган тажрыйба алмашуу боюнча программанын бир бөлүгү болот. Аталган долбоорду Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылайт, ал эми аны Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырууда. Бостери жана Кара-Ой айыл өкмөтүнүн жетекчилери жана кызматкерлери кесиптештерине өз жетишкендиктери тууралуу айтып берип, конокторго калк менен маалымат алмашуу, жергиликтүү деңгээлде артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү (мектепке чейинки билим берүү, аз камсыздалган үй-бүлөлөргө жардам, китепкананы уюштуруу, инвестицияларды тартуу) боюнча иштин натыйжаларынан кабар беришет.

Өз кезегинде тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары да турак жай-коммуналдык чарбачылык (ТКЧ) жаатында кызмат көрсөтүүлөргө коомдук мониторинг жана аларды баалоо чөйрөсүндөгү өз жетишкендиктеринин натыйжалары менен бөлүшөт. Аны менен бирге ТКЧ кызмат көрсөтүүлөрү боюнча иштерди уюштуруу жана таштанды жыйноо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү баалоо боюнча иштерди уюштурууда Чүй облусунун Ивановка айылдык аймагынын тажрыйбасы, кызмат көрсөтүүнү уюштуруу системасына баалоо натыйжаларынын таасири жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишин баалоо боюнча Ысык-Көл облусунун Улахол айылдык аймагынын тажрыйбасы көрсөтүлөт.

Толук маалымат алуу үчүн: Өнүктүрүү саясат институтунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль Жаманкулова, тел.: (0555) 313-385, (0770) 771-711, njamankulova@dpi.kg, www.vap.kg