Коммерциялык эмес уюмдар үчүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын дараметин жогорулатууга багытталган тренингдерди уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга сынак жарыяланат

Тренингдер Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы айылдык аймактардын жергиликтүү кеңештеринин бардык депутаттары үчүн 2014-жылдын 20-июлунан 20-октябрына чейинки мезгил аралыгында өткөрүлүш керек.

Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган,
Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) ишке ашырган
“Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору
коммерциялык эмес уюмдар үчүн

Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын дараметин жогорулатууга багытталган тренингдерди уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга сынак жарыялайт.

Тренингдер Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы айылдык аймактардын жергиликтүү кеңештеринин бардык депутаттары үчүн 2014-жылдын 20-июлунан 20-октябрына чейинки мезгил аралыгында өткөрүлүш керек. Бейөкмөт уюмдардын тендеринде уткан тренерлер алдын ала окуудан өтөт. Тренингдер эки облустун 13 районунун ар биринде төрт тема боюнча уюштурулуш керек.

Потенциалдуу катышуучуларга коюлган талаптар:

  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча тренингдерди уюштурууда жана өткөрүүдө 1 жылдан кем эмес тажрыйба.
  • Айылдык аймактардын деңгээлинде жергиликтүү жамааттар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иш алып барууда 1 жылдан кем эмес тажрыйба.
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жарандык катышуунун негиздерин билүү шарт.
  • Кыргыз тилин сөзсүз билүү зарыл.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшырыш керек:

  • юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • карызы болбогону тууралуу салык органдарынан жана Соцфонддон маалымдама;
  • кызыкдар болгону тууралуу кат, анда катышуучунун сынактын талаптарына жооп бере турганы тууралуу маалымат жана башка жүйөлөр келтирилет;
  • жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн өзгөчө маанилүү төрт тема боюнча тренингдердин концепциясын караштырган сунуш: ЖӨБнын негиздери жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, жергиликтүү кеңештердин ишинин уюштуруучулук-укуктук негиздери, жарандардын ЖӨБга катышуусу, жамааттын ресурстарын башкаруу (программа, курстун кыскача сүрөттөлүшү, таратып берме материалдардын тизмеси);
  • тренингдерди өткөрүүгө тартыла турган тренерлердин таржымалы;
  • тренингдерди райондор боюнча өткөрүү графиги, анда күндөрү да көрсөтүлүш керек;
  • деталдуу бюджет, анда кызмат көрсөтүүгө байланышкан бардык чыгымдар, аны менен кошо мамлекетке милдеттүү салыктык жана башка төлөөлөр камтылыш керек. Тренерлер үчүн тренингге катышууга кеткен чыгымдар бюджетке КОШУЛБАЙТ.

Документтерди 2014-жылдын 20-июну, саат 17.00дөн кечиктирбестен төмөнкү дарек боюнча жиберүү зарыл: 720021, Бишкек ш., Үсөнбаев көч., 44-үй, Өнүктүрүү саясат институту, (0312) 976530, жазуу таризинде жеке тапшыруу керек, же office@dpi.kg электрондук почтасына жиберсе болот.

Кошумча маалыматты www.vap.kg, www.dpi.kg сайттарынан тапса болот, же NDobretsova@dpi.kg электрондук дарекке кайрылуу аркылуу алуу мүмкүн. Байланыш үчүн: Надежда Добрецова, ӨСИ аткаруучу төрайымы.