Ак-Чий айылдык аймагы ички жолдорду оңдоо үчүн экскаватор сатып алды!

Ак-Чий айылдык аймагы ички жолдорду оңдоо үчүн экскаватор сатып алды!

2014-жылдын 17-июнунда Бишкек шаарында ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жетекчилиги катышкан салтанаттуу аземде Ак-Чий айыл аймагынын айыл өкмт башчысына 1 млн, сомго сертификат тапшырылды.

Курамында үч айылы бар Ак-Чий айылдык аймагы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарындагыдай эле, бул жерде да 1996-жылдан бери оңдоп-түзөө иштерин көрө элк ички жолдордун маселеси өзгөчө курч абалды жаратып келүүдө.

"Биздин аймакта жалпы узундугу 23 км болгон 24 көчөбүз бар, - дейт аталган аймактын айыл өкмөт башчысы Исаев Бактыбек. – Бүгүнкү күндө алардын абалын "канааттандырбайт" деп белгилесек болот, себеби бул жолдорду оңдоп-түзөө иштеринин жүргүзүлбөгөнүнө быйыл 18 жыл болду. Биздин аймактын тургундары дээрлик жыл бою оңдолбогон чуңкурлардын, жайы-кышы турган баткактын жана ылайдын айласын таба албаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө нааразычылыгын билдирип келишет. Бул көйгөйдөн өзгөчө мектеп балдары жапаа чегип келишет. Жолдордун мындай начар абалынан улам, айылдарды райондук борбор менен байланыштырып туруучу коомдук транспорт дагы жүрбөй, бул жагдай дагы жергиликтүү тургундарга кошумча кыйынчылык жаратат. Начар жолдордон улам тургандар өз талааларында өстүргөн айыл чарба продукциясын да өткөрө алышпайт; өз техникабыз жок, ал эми сырттан ижарага алайын десек, баасы абдан кымбат болуп, ал бааны бардык эле карапайым адамдар көтөрө алышпайт. Кыргызстандын Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган Швейцария өкмөтүнүн жарандык катышуу боюнча долбоору айылыбызга келгенде биз жалпы айылдык жыйын өткөргөнбүз. Ошол жыйындын жүрүшүндө аймактын жашоочулары бул көйгөйдү биринчи орунга алып чыгышкан. Долбоордун сынагына катышып, биз жеңүүчүлөрдүн тизмесине кирип калдык. Эми мынтип экскаватор алып отурабыз. Бул техниканын жардамы менен биз аймактагы Дүйшөк, Ысык-Көл, Ак-Булуң, Тасма жана Достук көчөлөрүнүн 11 км, Сатбай жана Үсөнкан участкаларынын 6 км жана Жыргалаң, Ленин Абдылда жана Садовая участкаларынын 6 км жолун оңдоо ниетибиз бар”. 

Бул чакан долбоорду ишке ашыруу үчүн талап кылынган сумма 2 400 000 сомго барабар, жана анын ичинен 1 млн. сом "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" (ЭҮЖӨБОЖ) долбоору, 1 млн. 350 миң сом Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү Фонду, 42 000 сом жергиликтүү калктын салымы жана 8 000 смо айыл өкмөтүнүн салымы болгон.

"Долбоордун пайдасын аймактын бардык (3645 киши) көрөт, - деп улайт өз сөзүн айыл өкмөт башчысы. – Биз туруктуулук планын жана 2014-жылы мындан ары алып кетүү үчүн каражаттарды да жергиликтүү бюджетке киргизгенбиз. Ал 26 304 сомго барабар болду. Мындан сырткары, кошумча дагы 1 – экскаваторчунун – жумушчу орун пайда болот. Биздин иш аракеттерибиз аймакты жакшыртууга багытталган жана биздин тургундарыбыз бизди колдоп берет деген ойдобуз".

2014-жылдын 17-июнунда Бишкек шаарында ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жетекчилиги катышкан салтанаттуу аземде Ак-Чий айыл аймагынын айыл өкмт башчысына 1 млн, сомго сертификат тапшырылды. Иш-чарада аталган долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиевғ Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек Исаев, долбоордун Грант менеджери Султан Майрамкулов, айыл аймактын жана Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлдөрү катышышты.