Жалал-Абаддын журналисттери аймактарда болуп өткөн бюджеттик коомдук угууларды талкуулашты

Жалал-Абаддын журналисттери аймактарда болуп өткөн бюджеттик коомдук угууларды талкуулашты

Талкуунун жүрүшүндө журналисттер өткөрүлгөн коомдук угуулар тууралуу өз пикирлерин айтышты.

2014-жылдын 4-июлунда Жалал-Абад шаарында 2015-жылдын бюджет долбоорлорун талкуулоого арналган коомдук угууларга жалпы сереп жасоо максатында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-сессия болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун айылдык аймактарында үстүбүздөгү жылдын май-июнь айларында өткөрүлгөн коомдук угуулары тууралуу кеңири маалымат берилди.

2014-жылдын июнь айында Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынан сынамык деп каралган 29 аймагында 2015-жылдын бюджетинин долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуулар болуп өттү. Бул жолку коомдук угууларга жаңы тандалып алынган 13 айыл аймагы дагы катышышты. Жалпысынан 29 коомдук угууга 2474 адам катышып (анын ичинде 1043 аялзаты), ар бир коомдук угууда 30дан 170ке чейин болду.  

Коомдук угуулардын жүрүшүндө ЖӨБ органдары жергиликтүү калктан көптөгөн сунуштарды, суроолорду жана кеңештерди алууга жетишти. Түшкөн сунуш-суроолордун арасында негизинен ички жолдорду оңдоо, бала бакчаларын куруу же оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү, суу менен камсыздоо, жашылдандыруу, көчө жарыгын оңдоо жана таштандыны чыгаруу өңдүү суроолор келип түштү.  
Сынамык аймактарда өткөрүлгөн коомдук угууларга техникалык колдоо көрсөткөн “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун адиси Азамат Мамытовдун айтымында 2014-жылы өткөрүлгөн коомдук угуулар мурдагы жылдардагы угууларга салыштырмалуу алда канча активдүү өтүп, дээрлик бардык аймактарда калктын кызыкчылыгынын жогорулаганы байкалды. Жергиликтүү жашоочулар тартынбастан өз пикирлерин айтып, талаптарын коюп, сунуштарын киргизип жатышты. Аны менен катар өткөн жылдарда пландалган иш аракеттердин аткарылгандыгын же унутулуп калып калгандыгы тууралуу да сурап жатышты.

Пресс-сессиянын жүрүшүндө тартууланган дагы бир тема – Мамлекеттик кадр кызматы иштеп чыккан “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзам долбоору болду. Аталган мыйзамды жаратуу демилгесинин максаты – муниципалдык кызматты мамлекеттик кызматка бириктирбестен, статусун теңдештирүү. Муниципалдык кызматчылардын аброюн гана көтөрбөстөн, аларды социалдык жактан коргоо да болуп эсептелет. Ошол эле маяна, окутуу, техникалык камсыздоо ж.б. жагынан алып караганда алар мамлекеттик кызматчыларга салыштырмалуу бир топ кысылганы жашыруун сыр эмес. Теманы тартуулаган ӨСИ адиси Нурдин Күмүшбеков өз презентациясын тартуулаган соң катышуучуларды да талкууга чакырды. Анткени ченемдик актынын долбоору талаш-тартыштарды, түрдүү баалоолорду пайда кылууда. Адистин айтуусу боюнча, азырынча документтин сапатын мындан да жакшы кылып даярдоого убакыт бар, ошондон пайдалануу зарыл.

Презентациялардын соңунда тартуулаган адистерге көптөгөн суроолор берилип, алар катышуучулардын ортосунда кызуу талкуу жаратты. 

Бул күнкү иш-чаранын дагы бир темасы – аймактык журналисттердин арасында жарыяланган сынак болду.