Ирээтсиз тренингдерди болтурбайлы, жашасын квалификацияны жогорулатуу!

2014-жылдын 5-июлунда Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы элеттик муниципалитеттердин 57 муниципалдык кызматчысы (18и Караколдо жана 39у Жалал-Абадда) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуунун жаңы моделин тестирлөөнүн алкагында сертификаттарды алышат.

Моделдин жаңылыгы
Бир топ убакыттан бери Кыргызстанда муниципалдык кызматчыларды окутуу негизинен эл аралык донордук долбоорлордун күчү менен ишке ашырылып келген. Бул тренингдер башаламандуу мүнөзгө ээ болуп, процесстин өзү мамлекет тарабынан эч башкарылбай, муниципалитеттердин керектөөлөрү эске алынчу эмес. 20 жылдын ичинде миллиард сомдон көп донордук каражат сарпталган мындай окутуулардын натыйжалуулугуна эч ким баа берген эмес. Мында КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы гана өзгөчөлөнө алды. Бирок бул академия да жыл сайын 3 миңден ашуун муниципалдык кызматчыны окутуу керектөөсүн канааттандыра алган жок.
2013-2017-жылдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасын өнүктүрүү Программасын кабыл алуу менен муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатууну тутумдаштыруу, тренингдерди ирээтке келтирүү зарылчылыгы пайда болду. Квалификацияны жогорулатуунун жаңы модели эски усулдардан төмөнкүлөрү менен айырмаланат:

  • тапшырыкчы болуп Мамлекеттик кадр кызматынын атынан мамлекет чыгууда;
  • окутууну сынак жолу менен тандалып алынган кыргызстандык билим берүү уюмдары өткөрөт (долбоордун кызматкерлери эмес);
  • окутуу программасы донордук долбоорлордун артыкчылыктарына эмес, муниципалдык кызматчылардын иш жүзүндөгү керектөөлөрүнө негизделген;
  • окутуу бюджеттин эсебинен каржыланат (азыркысында жарым-жартылай);
  • окутуу облус борборлорунда окуу материалдарын өздөштүрүү үчүн жетиштүү боло турган мезгил аралыгында өткөрүлөт.

Алгачкы практикалык мисал
2014-жылдын 16-июнунан 5-июлуна чейинки мезгил ичинде Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы айыл өкмөттөрдө каржылык-экономикалык маселелер менен иш алып барган 57 муниципалдык кызматчы жаңы моделди тестирлөөгө катышты. Алардын жашаган жерине жана жол акысына кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттерден төлөндү. Тапшырыкчы болуп Мамлекеттик кадр кызматы чыкты.
Окутууларга убактылуу жалданган тренерлердин ордуна улуттук жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын катышуусу моделдин жаңы маанилүү элементи болуп калды. Бул жолу окутууну Бишкек финансы-экономикалык академиянын окутуучулары Караколдогу К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети жана Жалал-Абаддагы Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Окуу борбору менен консорциумда өткөрдү. Аткаруучу-ЖОЖдор сынактын негизинде тандалып алынды.
Катышуучулар 20-25 адамдан турган 4 окуу тобуна бөлүндү. Ал эми тогуз тема айыл өкмөттүн каржы-экономикалык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин суроо-талабы боюнча тандалып алынды (алдын ала 400 адам арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжалары боюнча): “Мамлекеттик сатып алуулар”, “Жергиликтүү экономикалык өнүгүү”, “Аймактын инвестициялык жагымдуулугу. Бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу”, “Айылдык аймактарды өнүктүрүүнүн стратегиялык пландоосу”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруучулук-укуктук негиздери”, “Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу”, “Муниципалдык менчикти башкаруу”, “Компьютердик сабаттуулуктун негиздери” жана “Муниципалдык кызматтын укуктук негиздери”. Курстун узактыгы 18 окуу күнүн түздү (күнүнө 8 сааттан 21 календардык күн).
Муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуунун жаңы моделин Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүу министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор) түзүп чыккан. Моделди тестирлөөнүн негизги өнөктөшү жана расмий тапшырыкчысы – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы.
Пилоттук курстардын катышуучуларына сертификаттарды Долбоордун, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жана окууну ишке ашырган билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү тапшырышты.