Жалал-Абад облусундагы төрт элеттик муниципалитет Швейцариянын Элчилигинен трактор сатып алууга сертификат алышат

2014-жылдын 8-июлунда Бишкекте Жалал-Абад облусунун Жаңы-Жол, Багыш, Акман жана Кара-Суу айылдык аймактарынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ренэ Холенштайн мырзанын колунан сертификат алышат.

Элет жашоочулары таштанды тазалоочу техниканын эскиргенинен же такыр эле жок болгонунан улам айылдарда тазалык маселеси курч турганына даттанышат. Ушуну менен бирге жаз-жай мезгилдеринин башталышы менен жугуштуу оорулардын саны да кескин өсөт. Бул болсо биринчи кезекте балдарга жана кары-картаңдарга коркунуч жаратат. Калктын баамында, таштанды жыйноо үчүн атайын техниканы сатып алуу, же катуу-тиричилик калдыктарын (КТК) тазалоо жана чыгаруу боюнча ишкананы уюштуруу маселелери – ЖӨБ органдарынын артыкчылыктуу иши. Элеттиктер ЖӨБ органдары ушул көйгөйдү чечүүгө каржылоо бөлөт деп күтөт, атүгүл өздөрү да кызмат көрсөтүүгө акы төлөөгө жана аны уюштуруу иштерине катышууга даяр.
2014-жылдын апрель айында Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор) 2014-жылдагы Чакан гранттар Программасы сынагынын жыйынтыгын чыгарган.
Сынак Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы элеттик муниципалитеттер арасында өткөн. Сынактык комиссия 35 табыштаманы карап чыгып, 26 элеттик муниципалитетти колдоого алган. Алардын арасында КТК жыйноо жана чыгаруу үчүн атайын техниканы – “Беларус 82.1” үлгүсүндөгү тракторду сатып алууга табыштама берген төрт айылдык аймак да бар.
“Швейцария Өкмөтү “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун жардамы менен Кыргыз Республикасында демократиянын жана борборлоштурууну азайтуунун принциптерин жайылтып жана колдоп жатканына бактылуумун, - деп билдирди Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ренэ Холенштайн мырза. – Долбоордун максаты – жарандардын бюджеттик процесске тартылуусун жана жергиликтүү деңгээлде кызматтарды көрсөтүүнү жогорулатуу. Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы элеттик муниципалитеттерде жергиликтүү жамааттар демилгелеп чыккан 46 долбоорду каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттерге 46 млн. сомдон ашуун өлчөмдөгү түз инвестицияларды Долбоорду каржылоо максатында Швейцария тарап бөлүүдө. Бүгүн ушул окуяга катышып жаткан төрт айылдык аймактын лидерлери Долбоорго активдүү катышып келет. Бул адамдар көйгөйдү талкуулоого, турмушту жакшыртуу боюнча иш-аракеттерди пландоого, ошол пайдалуу иштерге жергиликтүү бюджеттен каражаттарды бөлүштүрүүдө чечим кабыл алууга жергиликтүү жамаатты тартуу үчүн заманбап аспаптарды жана механизмдерди колдонушат. Кыргызстандын муниципалитеттери башкарууда ачык-айкындуулук жана катышуу принциптерин, мыкты башкаруу принциптерин карманганына сыймыктанам. Швейцария Өкмөтү мына ушунда роль ойноп жатканына бактылуумун”.
“Долбоордун Чакан гранттар программасынын каражаттары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана жергиликтүү жамааттын турмуш шартын жакшыртууга багытталган долбоорлорду каржылоо үчүн колдонулат, - деди Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев. – Сынакка тапшырылган долбоордук идеялар анкета толтуруунун, фокус-топтордун жана элет көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо (ЭКБА-сессиялар) боюнча иш-чаралардын жардамы менен калктын катышуусунда аныкталган артыкчылыктарга шайкеш келиш керек. Бул жылы биздин долбоордун Чакан гранттар программасынын байге фонду 26 млн. сомду түздү. Бүгүн болсо биз Жалал-Абад облусундагы төрт элеттик муниципалитеттин ар бирине трактор сатып алууга наркы 1 млн. сом болгон сертификаттарды тапшырып жатабыз. Биздин практикабызда калыптанып калгандай, гранттын каражаттары элеттик муниципалитеттердин жергиликтүү бюджеттерине которулду. КР Каржы министрлигинен окуудан өткөн соң ЖӨБ кызматкерлери сатып алууларды өз алдынча жүргүзүп калышкан”.