“Гранттык жардам – бул бекер оокат эмес, бул жергиликтүү бюджеттен инвестицияларды башкаруу үчүн машыктыргыч”

20-августта саат 10:00до ӨСИ эксперттеринин жалалабаддык ММКда иштеген журналисттер менен жолугушуусу өтөт

Швейцария Өкмөтү Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун ишке ашыруунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) Кыргызстандагы ММК үчүн пресс-сессиялардын сериясын улантууда.

20-августта саат 10:00до ӨСИ эксперттеринин жалалабаддык ММКда иштеген журналисттер менен жолугушуусу өтөт. “Гранттык жардам – бул бекер оокат эмес, бул жергиликтүү бюджеттен инвестицияларды башкаруу үчүн машыктыргыч” темасын талкуулоого чакырабыз. Ошону менен бирге аны республиканын экономикасы үчүн канткенде мүмкүн болушунча натыйжалуу кылса болору тууралуу сүйлөшөбүз.

Акыркы учурларда грант темасы коомдо кызуу талкууларга себепчи болуп келатат. Донор өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын, түрдүү өнүктүрүү агенттиктердин каржылык, гуманитардык же техникалык жардамдары акыркы саясий окуялардын алкагында карала баштады. Бирок оор илдеттер менен күрөшүү, ишкер чөйрөнү жакшыртуу же бюджеттик айкындуулукту арттыруу боюнча өнүккөн өлкөлөрдүн Кыргызстанга көмөк көрсөтүү өңдүү жакшы ниетинен кандайдыр бир жашыруун себепти издөө керекпи?

ӨСИ адистери чет өлкөлүк гранттык жардамды пайдаланууну ЖӨБ органдары инфраструктураны өнүктүрүүгө жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга багытталган жергиликтүү бюджеттен инвестицияларды жоопкерчиликтүү жана натыйжалуу башкарууну үйрөнгөн кандайдыр бир машыктыргыч катары карашат. Мындай каражаттарды башкаруунун ӨСИ пилоттук муниципалитеттерде жайылтып жаткан усулдарды “жаңы велосипедди ойлоп табууну” сунуштабайт, бирок ЖӨБ органдарын гранттарды жана инвестицияларды башкаруу маселелерине натыйжалуу менеджменттин принциптери талап кылгандай мамиле жасоого үйрөтөт. Ал принциптер: артыкчылыктуу керектөөлөргө таянып, мыйзамдарга ылайык, мүмкүн болушунча ачык-айкын жана келечектеги натыйжа үчүн болгон жоопкерчилик менен кароо.

Ушул кезге чейин аткаминерлер жана маалыматы начар жарандар арасында орун алып келаткан “гранттар – бул асмандан түшкөн акча болбосо да, бекер оокат” деген пикирди таптакыр четке каккан ӨСИнин тажрыйбасын башка уюмдар колдонууга алды. Себеби бул тажрыйба иштеп жатат жана натыйжалары да көрүнө баштады. 2013-жылы “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын 7 айыл өкмөтүнүн бюджеттери каржылык колдоого ээ болду. Алардын долбоордук табыштамалары оор атаандаштык кармашта утуп чыгып, ар бир жамаат 20 000 швейцар франкын, баары болуп 1 400 000 швейцар франкын алышты. Каражаттар таштанды жыйноо үчүн атайын техниканы сатып алууга, айылдарды абаттоого, бала бакчалардын курулушуна жана ремонтуна жана башка максаттарга жумшалды.

Ушул тапта “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун Чакан гранттар программасынын алкагында 10 кошумча гранттык долбоордун жана 2014-жылдагы сынакта утуп алган 26 гранттык жеңүүчү долбоорлордун үстүнөн иш жүрүп жатат.