Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы элеттик муниципалитеттердин алтымыштан ашуун өкүлү маалымат бюллетенин даярдоо жана чыгаруу боюнча окуудан өтүшөт

Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы   элеттик муниципалитеттердин алтымыштан ашуун өкүлү   маалымат бюллетенин даярдоо жана чыгаруу боюнча окуудан өтүшөт

Ысык-Көл облусунун өкүлдөрүнөн турган алгачкы 2 топ үчүн тренингдер 6-октябрдан 10-октябрга чейин Каракол шаарында өтөт

Маалымат менен алмашуу жана жарандык катышууну күчөтүү, ЖӨБ органдарынын ишинде айкындуулукка жана ачыктыкка жетүү максатында Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы элеттик муниципалитеттердин 60тан ашуун өкүлү маалымат бюллетенин даярдоо жана чыгаруу боюнча окуудан өтөт. Окуу Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун (мындан ары – Долбоор) ишке ашыруунун алкагында уюштурулат.
Окуу процессинде айыл өкмөтүнүн кызматкерлери айылдык аймактын маалымат бюллетенин даярдоо жана тариздөө боюнча кошумча билимге жана практикалык тажрыйбага ээ болушат.

“Ысык-Көл облусунун өкүлдөрүнөн турган алгачкы 2 топ үчүн тренингдер 6-октябрдан 10-октябрга чейин Каракол шаарында өтөт. Ал эми Жалал-Абад облусунун өкүлдөрүнөн түзүлгөн үчүнчү жана төртүнчү топтор үчүн тренингдерди Жалал-Абад шаарында 20-октябрдан 24-октябрга чейин өткөрөбүз. Катышуучулардын да, тренерлердин да алдында бир тапшырма турат – тренингдин аягында ошого катышкан ар бир пилоттук айылдык аймактын өкүлдөрү маалымат бюллетенинин үлгү-мисалын даярдай алышы керек, - деп билдирди Долбоордун мыкты практика боюнча адиси Гүлайым Шамшидинова. – Башкача айтканда, окууга катышып жаткан ар бир айылдык аймак даяр маалымат бюллетенине ээ болот. Биз катышуучулардан маалымат бюллетенине киргизүү үчүн ошол аймактын территориясында айыл өкмөтү өткөргөн иштердин натыйжалары тууралуу болгон маалыматты (мисалы, кеңештин иш планы, же башчынын отчету, жамааттагы маанилүү жаңылыктар ж.б.) өздөрү менен кошо ала келүүсүн өтүндүк. Тренингдин соңунда биздин Долбоор ар бир муниципалитетке 200 нускадан кем эмес бюллетенди басып чыгарууга кеткен типографиялык чыгымдарды төлөп берет”.

Катышуучуларга дем берип, аларды шыктандыруу үчүн, ошондой эле мүмкүн болушунча көбүрөөк натыйжага жетүү максатында тренингдин жыйынтыгы боюнча өзгөчө активдүү катышуучуларга санарип фотоаппараттар жана маалымат топтогучтар тапшырылат. Бул шаймандар аларга мындан ары да маалымат өнүмдөрүн жаратып турууда жардамчы болот.

Кенен маалымат алуу үчүн: Өнүктүрүү саясат институтунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль Жаманкулова, тел.: (0555) 313-385, (0770) 771-711, эл.дарек: njamankulova@dpi.kg, веб-сайт: www.vap.kg, www.dpi.kg