Алыскы – бул дайыма эле артта дегенди билдирбейт!

Алыскы – бул дайыма эле артта дегенди билдирбейт!

Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын 21 элеттик муниципалитетинин ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү кеңештеринин кыркка жакын өкүлү өз кесиптештеринин тажрыйбасын жерине барып үйрөнүшөт.

Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын 21 элеттик муниципалитетинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү кеңештеринин кыркка жакын өкүлү Кыргызстандын эң алыскы жана обочодо калган райондорунун бири – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы кесиптештеринин тажрыйбасын жерине барып үйрөнүшөт. Тажрыйба алмашуу сапары 2014-жылдын 20-августунан 23-августуна чейин өтөт.

Сапардын жүрүшүндө катышуучуларга Тогуз-Торо айылдык кеңешинин депутаттарынын ачык сессиясына катышуу, жарандарды бюджеттик процесске жана жергиликтүү маанидеги маселелерге тартуунун ийгиликтүү практикасы, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы айылдык аймактарда айылдык кеңештин, айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү жамааттын өз ара аракеттешүүсүнүн системасы менен таанышуу өңдүү кайталангыс мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Тажрыйба алмашуу сапарынын уюштуруучуларынын бири, “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун ЖӨБ менен иштешүү боюнча адиси Жоодар Жумагуловдун айтымында, бул жолу өзгөчө басым айылдык кеңештердин ишине, алардын жана туруктуу комиссиялардын жеринде аткарган иштерине жасалат. “Биз буга чейин деле ушул өңдүү тажрыйба алмашуу сапарларын уюштуруп келгенбиз. Бирок бул жолу биз ЖӨБ органдары менен жергиликтүү калктын ортосундагы маалымат алмашуу чөйрөсүндө ушул райондогу жаңы жана эски пилоттук муниципалитеттерибиздин ийгиликтерин көрсөтүүнү чечтик, - дейт Жумагулов. – Ошону менен бирге бул Тогуз-Торо жана Көк-Ирим айылдык аймактарына да тиешелүү, алардын ЖӨБ органдары маалымат алмашуунун өтө жөнөкөй, бирок натыйжалуу механизмин ийгиликтүү колдоно башташты. Алар ай сайын маалымат бюллетенин чыгарышууда. Мындан тышкары айылдык кеңештерде өзүнчө маалымат тактасын жүргүзүү практикасы дал ушул райондон башталган эле. Ошондой эле катышуучулар Сары-Булуң муниципалитетинин тажрыйбасы менен да тааныша алышат. Бул муниципалитет дотацияда турат жана жергиликтүү бюджетинде 5 млн. 509,6 миң сом бар, анын ичинен жергиликтүү кирешеси 928,6 миң сомду түзөт. Ушуга карабастан аталган муниципалитет жергиликтүү калкты мобилдештирип, өз маселелерин өздөрү чечип келатышат: көпүрөлөрдү оңдошот, каналдарды тазалашат, сугат суу өткөрүшөт, донор издешет жана инвестицияларды тартышууда!”.

Башка райондордон жана облустардан келген коноктордун сапары маалында жергиликтүү муниципалитеттердин кожоюндары мамлекеттик (муниципалдык) социалдык тапшырык линиясы боюнча жергиликтүү жарандык коом уюмдары менен кызматташып, мектепке чейинки билим берүү, электрондук китепкананы уюштуруу, жаштар арасында спортту өнүктүрүү ж.б. социалдык маселелерди чечүү чөйрөсүндөгү өз жетишкендиктерин да көрсөтө алышат.

“Тажрыйба алмашуу сапарлары – Швейцария Өкмөтү Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорубуздун алкагында жеке практика, - дейт Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев. – Биз алыскы элеттик муниципалитеттердин мыкты тажрыйбаларын жана жетишкендиктерин аларды репликациялоо максатында көрсөтүүгө аракет жасап келебиз. Буга кошумча ушул өңдүү сапарлар эки облустун муниципалитеттери ортосундагы кызматташтыкты түзүүгө жана бекемдөөгө көмөктөшөт”.

Практика көрсөткөндөй, ушул өңдүү тажрыйба алмашуу сапарларынан кайтып келгенден кийин ЖӨБ органдары маалыматка жеткиликтүүлүктү жакшыртууга жана аларды чагылдырууда айкындуулукка, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана жергиликтүү калктын бакубат жашоосуна багытталган ишмердүүлүктүн ошол өңдүү түрлөрүн уюштуруу демилгесин көтөрүшөт.

Кеңири маалымат алуу үчүн Өнүктүрүү саясат институтунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль Жаманкуловага кайрылыңыз, тел.: (0555) 313-385, (0770) 771-711, njamankulova@dpi.kg, www.vap.kg