Жети элеттик муниципалитеттин ар бири 1 млн. сомго сертификат алышты

Жети элеттик муниципалитеттин ар бири 1 млн. сомго сертификат алышты

2014-жылдын 19-сентябрында Бишкекте Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Жудит Фарнворт эки облустагы жети айылдык аймактан келген ар бир өкүлгө трактор сатып алганга 1 млн. сомго сертификат тапшырды.

2014-жылдын 19-сентябрында Бишкекте Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Жудит Фарнворт эки облустагы жети айылдык аймактан келген ар бир өкүлгө трактор сатып алганга 1 млн. сомго сертификат тапшырды.

2014-жылдын май айында Швейцария Өкмөтү Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор) Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы жаңы пилоттук элеттик муниципалитеттердин аймагында өз ишин баштады. Ушуну менен бирге Долбоор 2011-2012-ж.ж. тандалып алынган элеттик муниципалитеттер менен кызматташтыкты мындан ары да уланта берет.

Элет тургундары таштанды жыйноочу техниканын эскиргенинен же такыр эле жок болгонунан улам айылдарда тазалык көйгөйлүү маселелердин бири болгонун айтып, даттанып келишет. Ушуну менен бирге жаз-жай мезгили башталары менен жугуштуу оорулардын саны да өсүп, бул биринчи кезекте балдарга жана кары адамдарга коркунуч жаратууда. Калктын баамында, таштанды чыгаруу үчүн атайын техниканы сатып алуу же катуу тиричилик калдыктарын (КТК) тазалоо жана чыгаруу боюнча ишкананы уюштуруу ЖӨБ органдары үчүн артыкчылыктуу маселе. Адамдар ЖӨБ органдарынан ушул маселени чечүү үчүн каржылык колдоо күтүүдө, атүгүл өздөрү да кызмат көрсөтүү үчүн акча төлөп, аны ишке ашырууга катышууга даяр.

“Биздин Долбоордун алкагында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана жергиликтүү жамааттын турмуш шартын жакшыртууга багытталган демилгелерди колдоого колдонулчу каражаттар каралган, - деп билдирди Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев. – Башкача айтканда алар сурамжылоо, фокус-топтор жана элет көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо (ЭКБА-сессиялары) боюнча иш-чаралардын жардамы менен калк аныктаган артыкчылыктарга шайкеш келиш керек. Бүгүн биз Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы жети элеттик муниципалитеттин ар бирине атайын техниканы – КТК жыйноо жана чыгаруу, ошондой эле ички жолдорду оңдоо үчүн түрдүү кошумча агрегаттар менен жабдылган “Беларус 82.1” үлгүсүндөгү тракторду сатып алууга 1 млн. сомго бааланган сертификаттарды тапшырып жатабыз. Биздин практикабызда калыптанып калгандай, гранттын каражаттары элеттик муниципалитеттердин жергиликтүү бюджеттерине которулду. КР Каржы министрлигинен окуудан өткөн соң ЖӨБ кызматкерлери сатып алууларды өз алдынча жүргүзүп калышкан”.

“Демократия, коопсуздук жана өнүгүү – кыргыз-британ кызматташтыгынын негизинде мына ушул өзөктүү принциптер жатат. Менимче, акыркы жылдары биз бардык багыттар боюнча прогресске жетише алдык. Өкмөт жана Парламент баштаган реформаларды колдоо боюнча бир катар маанилүү демилгелерден тышкары биз ошондой эле Кыргызстан боюнча миңдеген адамдардын турмуш шартын сезилерлик өзгөрткөн долбоорлорго жеринде колдоо көрсөтүп келатабыз, - деп айтты элчи Жудит Фарнворт. – Биз жергиликтүү жамааттардын турмуш шартын колдоого жана жакшыртууга багытталган жергиликтүү өнүгүү процессине катышып жатканыбызга кубанычтабыз”.

Сертификаттарды алган айыл аймактарынын жана АӨ башчыларынын тизмеси:

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука АА башчысы Умарова Гүлнара, “Таштанды – сен менен күрөш башталды” долбоору
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим АА башчысы Абдрахманов Нурмырза, “Айылдагы маданият тазалыктан башталат” долбоору
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Болот Мамбетов АА башчысы Кочкоров Ильичбек, “Тазалык – келечек тууралуу камкордук” долбоору
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз АА башчысы Далиев Улан, “Атайын техниканы сатып алуу менен КТК жыйноо жана ички жолдорду оңдоо боюнча кызмат көрсөтүү” долбоору
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Курманбек АА башчысы Молдобаев Ярасулбек, “Атайын техниканы сатып алуу менен КТК жыйноо жана ички жолдорду оңдоо боюнча кызмат көрсөтүү” долбоору
Жалал-Абадоблусунун Ала-Бука районундагы 1-Май АА башчысы Ушербаев Мухтар, “Таштанды – биздин жалпы көйгөйүбүз”
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тогуз-Булак АА башчысы Бектурсунов Жалообай, “Шыдыр жол” долбоору.

Толук маалымат алуу үчүн: Өнүктүрүү саясат институтунун Маалымат саясаты боюнча адиси Нургүл Жаманкуловага кайрылыңыз: (0555) 313-385, (0770) 771-711, эл.почта: njamankulova@dpi.kg, веб-сайт: www.vap.kg, www.dpi.kg