“Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында “Муниципалитет” журналынын атайын долбоору

“Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында “Муниципалитет” журналынын атайын долбоору

Жарандардын ЖӨБгө жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусун чагылдыруу үчүн плакаттардын сынагы БАКУБАТ ЖАШОО: УШУЛ ЖЕРДЕ ЖАНА АЗЫР 2014

Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусун чагылдыруу үчүн плакаттардын сынагы
БАКУБАТ ЖАШОО: УШУЛ ЖЕРДЕ ЖАНА АЗЫР 2014

Сынактын темасы

Плакат сынагы жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусун көзгө көрүнүктүү, актуалдуу жана түшүнүктүү кылуу максатын көздөйт («Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 18-беренеси, кыскартылып берилди):

  • жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;
  • ичүүчү суу; канализация жана тазалоочу курулмалар;
  • муниципалдык жолдор (калктуу конуштардын ичиндеги);
  • көчөлөрдү жарыктандыруу;
  • көрүстөн жана каада-салттык кызмат көрсөтүүлөр;
  • жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
  • парктар, спорттук курулмалар жана дем алуу жайлары;
  • турмуш-тиричилик калдыктарын (таштандыны) жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу;
  • калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорт;
  • жергиликтүү маанидеги маданий жана тарыхый жетишкендиктерди сактоо;
  • жергиликтүү маанидеги китепканалар;
  • жер пайдалануу эрежелери, шаар куруу менен архитектуранын ченемдери жана эрежелери;
  • тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты белгиленген тартипте жайгаштыруу;
  • элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
  • бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
  • балдар жана жаштар менен иштөө;
  • дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
  • өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү.

Сынактын максаты

Сынактын негизги максаты – жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө, аны менен катар бюджеттик процесске катышуусу турмуш шартын жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу ыргагына олуттуу таасирин тийгизе алаарына жарандардын жана башкаруу органдарынын көңүлүн буруу. Сынак дайыма эле «жогорку бийликтен ырайым» күтүү позициясынан (патерналисттик күтүүлөр) жашоону ушул жерде жана азыр жакшыртуу үчүн активдүү өз алдынча иш-аракеттерге өтүү керек деген маанайда коомдук пикирди өзгөртүүгө көмөктөшүү максатын көздөйт.

Кыргыз Республикасында борбордук жана жергиликтүү деңгээлдерди так ажырымдалган мамлекеттик башкаруунун туруктуу маданияты калыптанганга чейин узак жылдар бою маселени «көңүл чордонунда кармоого» жөндөмдүү визуалдык материал жетишпей жатканынан улам сынак өткөрүү зарылчылыгы келип чыкты.

Толугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелерине арналган Кыргызстандагы жалгыз басылма болуп эсептелген «Муниципалитет» журналы журналдын басылмаларын тариздөө үчүн визуалдык материал алуу үчүн аталган сынактын демилгечиси болду.

Швейцария Өкмөтү жана Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» Долбоору жарандардын жалпысынан жергиликтүү өз алдынча башкарууга жана аны менен катар бюджеттик процесске катышуу мүмкүнчүлүгүн жайылтуу жана алга жылдыруу максатында ушул сынакты колдоого алды.

  • СЫНАК ТУУРАЛУУ ЖОБО

Өбөлгөлөр

Мамлекет коомдук келишимдердин негизинде күн көрөт жана мамлекеттик маанидеги кызматтарды көрсөтүш керек. Алар: мыйзамдар, стандарттарды белгилөө, тышкы саясат, коргоо жана башкалар. Бул кызмат көрсөтүүлөр маанилүү, бирок биз аларды күн сайын эле колдоно бербейбиз.

Биз көбүрөөк башка кызмат көрсөтүүлөргө – жергиликтүү маанидеги кызмат көрсөтүүлөргө көңүл бурабыз: суу менен камсыздоо, таштанды чыгаруу, жолдор, бала бакчалар жана мектептер, дегеле биздин күнүмдүк түйшүгүбүздүн предмети болуп эсептелгендердин баары. Ал эми бул кызматтарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары – бизге жана биздин күндөлүк турмушубузга баарынан да жакын болгон башкаруунун алгачкы деңгээли көрсөтөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен чечүүсүнө багытталган өз алдынча иш-аракеттери.

Конституция жана башкаруу логикасы бизге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерине түздөн-түз катышуу, жергиликтүү маанидеги кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына түз таасир этүү укугун берет. Башкача айтканда, биз жолдордун, көчөлөрдү жарыктандыруунун сапатына, сейил бактардын, бала бакчалардын абалына, суу менен камсыздоого, таштанды чыгарууга жана жергиликтүү маанидеги башка маселелерге таасир этүүгө укуктуубуз жана мындай күч бизде бар.

Жарандар үчүн бюджеттик процесске түздөн-түз катышуу – биринчи кезекте аткарылышы керек болгон иш-аракеттерди жана чараларды бюджетке киргизүү үчүн өзүнүн артыкчылыктуу керектөөлөрүн ЖӨБ органдарына түшүндүрүп берүү; коомдук угуулар аркылуу кийинки жылга бюджет долбоорун талкуулоого катышуу; бюджетти аткаруунун натыйжаларына кызыгуу жана ЖӨБ органдарынын ишине баа берүү өтө маанилүү.

Жалпысынан жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу – бул биздин күнүмдүк жашообузду мамлекет тарабынан кандайдыр бир аракеттерди күтпөстөн, азыртадан эле жакшы жана ыңгайлуу кылуу үчүн айкын мүмкүнчүлүк.

Уюштуруучу: Өнүктүрүү саясат институту

Өнөктөштөр: Дизайн.kg порталы, КР Сүрөтчүлөр бирдиги, Ош Көркөм өнөр искусство музейи.

Сынак өтчү мөөнөт: 2014-жылдын 15-сентябрынан 15-декабрга чейин

Катышуучулар: Кыргыз Республикасынын 15 жаштан жогору жарандары. Кесипкөй сүрөтчүлөрдүн жана дизайнерлердин, ошондой эле чыгармачыл адис боюнча билим алган студенттердин катышуусун колдойбуз.

Автордук укуктар

Бардык укуктар плакаттардын авторлоруна тиешелүү. Уюштуруучу сынакка түшкөн иштерди ММКда жана башка басма продукцияда жарыялоо, ӨСИ басылмалары үчүн жана ушул долбоордун көргөзмөсүнүн жарнагы үчүн колдонуу укугуна ээ. Сынакка иштерин өткөрүп жатып, автор сынактын шарттарына макул болгонун тастыктайт.

Плакаттар сынагынын эрежелери

Сынакка А3 көлөмүндөгү каалаган техникада (компьютерге же колго) жасалган автордук плакаттар кабыл алынат. Бир автордон (авторлор тобунан) 3төн ашпаган иш катыша алат. Плакаттар өзүнө графикалык, шрифттик (кыргыз же орус тилдериндеги ураандар) же фотографиялык элементтерди камтый алат.

Арт жаккы бетине төмөнкүлөрдү жазыңыз:

  • эмгегиңиздин аталышы,
  • автордун (авторлордун) ысымы жана фамилиясы,
  • автордун (авторлордун) жаш курагы,
  • автордун (авторлордун) үй дареги, телефон номери (жумуш, үй, чөнтөк телефондор)
  • автордун (авторлордун) электрондук дареги.
  • студенттер үчүн ЖОЖдун аталышы жана кеңеш берген окутуучунун аты-жөнү (эгерде ошондой окутуучу болсо).

Плакаттын алды жагында автор (авторлор) тууралуу эч кандай маалымат БОЛБОШ КЕРЕК. Болбосо ошол иш сынакка катышпайт.

Байгелер

Жалпы байге фонду 180 000 (жүз сексен миң) сомду түзөт, анын ичинде:

  • 1-байге – 40 000 сом;
  • 2-байге – 25 000 сом (2 байге);
  • 3-байге – 15 000 сом (3 байге);
  • «ЖӨБ деңгээлинде жарандардын бюджеттик процесске катышуусу» номинациясында атайын байге – 25 000 сом;
  • Шыктандыруучу байге – 5 000 (төрт премия, анын ичинде «Аймактан түшкөн мыкты иш» жана «15тен 18 жашка чейинкилер тобундагы мыкты иш» премиялары).

Уюштуруучулар жеңүүчүлөр ортосунда каражаттарды бөлүштүрүүнү өзгөртүү, ошондой эле байге фондун толугу менен колдонбой коюу укугуна ээ.

Кесипкөй калыстар

Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлү
«Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» Долбоорунун өкүлү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү
КР Сүрөтчүлөр бирдигинин өкүлү
Кесипкөй дизайнер
Кесипкөй сүрөтчү
Көз карандысыз журналист
Бардык жеңүүчүлөр сынактын диплому менен сыйланат.

Сынактын жыйынтыгы боюнча көргөзмө уюштуруу пландалууда.

Калыстар сынактын жарыяланган тематикасына шайкеш келбеген иштерди карабай коюуга укуктуу.

Жеңүүчүлөр өз эмгектеринин санарип версиясын да тапшырыш керек.

Бардык иштер чапталган конвертте 2014-жылдын 15-декабрына чейин кечки саат 5тен кечиктирбестен

төмөнкү дарек боюнча тапшырылыш керек:

Бишкек, Үсөнбаев көч., 44 (2-кабат) (Моссовет району), Өнүктүрүү саясат институту.

Маалымат алуу үчүн: (312) 976-530, (0557) 055955 (Гузель)