Жамааттык массалык маалымат каражаттары жарандык коомдун өнүгүүсүнө өбөлгө

Жамааттык массалык маалымат каражаттары жарандык коомдун өнүгүүсүнө өбөлгө

2014-жылдын 10-13-ноябрь күндөрү Жалал-Абад облусунун кээ бир айыл аймактарынын ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрү үчүн практикалык семинар болуп өттү.

2014-жылдын 10-13-ноябрь күндөрү Жалал-Абад облусунун кээ бир айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрү үчүн “Жамааттык массалык маалымат каражаттары (ММК) жарандык коомдун өнүгүүсүнө өбөлгө” деген аталышта практикалык семинарлар өткөрүлдү.

Семинарлардын негизги максаты катары жамааттык ММК уюштуруу, түзүү жана иш алып баруу көндүмдөрүн жана билимин жакшыртуу белгиленген. Тагыраак айтканда, кызыктуу, түшүнүктүү, так, чын, жеткиликтүү жана адекваттуу маалыматты табуу/топтоо жана анын үстүнөн иштеп, аны жалпыга жайылтууга даярдоо көндүмдөрүн аныктоо жана мыктылоо менен бирге жергиликтүү калктын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен маалымат алмашуусу, өз оюн жана өз пикирин билдирүү аркылуу айыл өкмөтү менен жергиликтүү калктын диалогу үчүн аянтча түзүү.

Өнүктүрүү саясат институтунун (ӨСИ) башкаруучу төрайымы Добрецова Надежданын айтымында, айыл жеринде маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыздоонун бул өңдүү механизмин киргизүү идеясы 2014-жылдын 18-19-февраль күндөрү Бишкек шаарында “Жамааттык медиа жана социалдык адилеттүүлүк үчүн ак ниеттүү башкарынуу илгерилетүүдөгү алардын ролу” деген аталышта өткөн улуттук конференциядан кийин пайда болгон. “Бул иш-чара ЮНЕСКО уюмунун Алматыдагы бюросунун жана Кыргыз Республикасындагы Улуттук Комиссиясынын колдоосу менен уюштурулган, – дейт ӨСИ төрайымы. – Конференциядан кийин биз бул багыттагы материалдарды изилдеп чыгып, бул механизмди биздин институт азыркы учурда эки облуста ишке ашырып жаткан долбоорубуздун айыл аймактарында киргизүү боюнча кызматташууну ЮНЕСКО уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Валентина Галичке сунуштадык. Бул багытта иш алып барууда биздин негизги максатыбыз катары – мамлекеттик башкарууну мыктылоодогу эң маанилүү элемент болгон маалыматка жеткиликтүүлүктү жана Кыргызстандын элеттик жамааттарынын өз пикирин айтуу эркиндигин камсыздоого көмөктөшкөн укуктук чөйрөнү камсыздоо белгиленген”.

Ал эми семинардын тренеринин айтымында, катышуучулар тарабынан болгон кызыкчылык өтө жогорку деңгээлде экендиги семинардын жүрүшүндө анык болду. “Бул күндөрү практикалык семинарга 15 айыл аймактын 30 өкүлү катышышты, - дейт тренер Айзада Калканбекова, Чүй облусунун Суусамыр аймагынын жамааттык радиосунун директору. – Катышуучулар “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун пилоттук аймактарынан келген ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү болушту. Окуунун жүрүшүндө биз негизги басымды теория менен катар Долбоордун алкагында пилоттук аймактарга техникалык жардам катары берилген жабдыктарды пайдалануу менен жамааттык ММК же мультимедиа борборлордун түзүлүшүнүн практикалык жактарына жасадык”.

Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга жергиликтүү деңгээлде жамааттык ММК уюштуруу жана анын андан аркы туруктуулугун камсыздоо боюнча маалымат берилип, ал маалымат иш жүзүндөгү тажрыйбасы менен бөлүшкөн практик тарабынан бекемделди. Өз тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн Чүй облусунун Кара-Суу жамааттык мультимедиа борборунун координатору Чакчагаев Султаналы чакырылган.

Маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыздоодо көмөктөшүүгө багытталган бул практикалык семинар 18-21-ноябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун кээ бир аймактарынын өкүлдөрү үчүн да өткөрүлөт. Өткөрүлгөн семинарлардын жыйынтыктарынын негизинде жамааттык радио же борборду негиздөөдө техникалык жардам көрсөтүү үчүн эки облустан бир нече аймак тандалып алынмакчы.

Толук маалымат: Өнүктүрүү саясат институтунун Маалымат саясаты боюнча адиси Нургүл Жаманкулова, тел.: (0555) 313-385, (0770) 771-711, njamankulova@dpi.kg