Сынак: Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (БӨУ) ролу

Сынак: Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (БӨУ) ролу

Табыштамалар Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2014-жылдын 25-ноябрынан 10-декабрына чейин жиберилиш керек.

Өнүктүрүү саясат институту Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун (мындан ары – Долбоор) аткарат.

“ЖАРАНДАРДЫ БЮДЖЕТТИК ПРОЦЕССКЕ ТАРТУУДА ЖАРАНДЫК КООМ УЮМДАРЫНЫН (БӨУ) РОЛУ” СЫНАГЫ

Сынактын максаты

жарандардын жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алууга, бюджеттик процесске катышуусунда укуктарын коргоодо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) тарабынан отчеттуулукка жетүүдө көрүнүктүү ийгиликтерге ээ болгон жарандык коом уюмдарын (БӨУ) аныктоо жана аларга дем берүү.

Сынактын катышуучулары жана анын географиясы

Сынакка катышууга БӨУ катары каттоодон өткөн жана Жалал-Абад менен Ысык-Көл облустарындагы элеттик муниципалитеттердин аймагында иш алып барган жарандык коом уюмдары чакырылат.

Сынакты өткөрүү тартиби

Жарандык коом уюмдары Өнүктүрүү саясат институтуна бюджеттик маалыматты ачыктоо жана жарандарды бюджетти талкуулоого жана ал боюнча чечимдерди кабыл алууга тартуу боюнча өзгөчө натыйжалуу жана эффективдүү тажрыйбаны же иш-чараны сүрөттөгөн табыштама бериши керек. Иш-чара 2012 - 2014-жылдардын аралыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, же жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр, же бюджети иш-чарада каралган жергиликтүү мекемелер менен өнөктөштүктө уюштурулуп, өткөрүлүш керек. Иш-чара төмөндөгү формага ылайык ийне-жибине чейин сүрөттөлүшү зарыл.

Бир, же бир нече мисалды сүрөттөгөн табыштамалар Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2014-жылдын 25-ноябрынан 10-декабрына чейин жиберилиш керек.

Байгелер

Сынактын жалпы байге фонду – 300 000 сом. Сынактын жеңүүчүлөрүнө байгелер төмөнкүдөй тартипте тапшырылат:

  • I орун – 100 миң сомго чейинки көлөмдөгү суммага байге;
  • II орун – 80 миң сомго чейинки көлөмдөгү суммага байге;
  • III орун – 70 миң сомго чейинки көлөмдөгү суммага байге;
  • Шыктандыруучу байге – 25 миң сомго чейинки көлөмдөгү суммага байге.

Байге каражаттары (грант) табыштамада сүрөттөлгөн иш-чараны улантуу демилгесин колдоо, табыштамадагы тажрыйбаны жакшыртуу же жарандардын бюджеттик процесске катышуусун камсыздоо боюнча жаңы демилгени ишке ашыруу үчүн колдонулушу мүмкүн. Байге катары бюджеттик айкындуулукту, ЖӨБ органдарынын калк алдындагы жоопкерчилигин камсыздоо боюнча иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө, жарандардын бюджетти түзүүгө жана анын аткарылышын талкуулоого катышуусун камсыздоо боюнча башка иш-чараларды өткөрүү жана ушул өңдүү механизмдерди колдонуу үчүн материалдар же жабдуулар сатып алынышы мүмкүн. Байге каражаттары гонорар төлөп берүү, же кызмат көрсөтүүлөргө, иш сапарларына кеткен чыгымдарды жабуу үчүн КОЛДОНУЛБАЙТ.

Кошумча маалымат алуу үчүн Азамат Мамытовго (0 312) 97-65-30 (34) номуруна телефон чалыңыз же amamytov@dpi.kg электрондук дарегине кат жазыңыз.

Сынактын толук Жобосун жана Табыштаманын формасын Интернеттен караңыздар:

  • www.vap.kg сайтынын “Жарандык катышуу” бөлүмүндө,
  • www.dpi.kg сайтынын “Тендерлер жана ванкансиялар” бөлүмүндө