Мектептин бюджети – менин бюджетим. Окуучулардын финансылык сабаттуулугу

Мектептин бюджети – менин бюджетим. Окуучулардын финансылык сабаттуулугу

Эмне үчүн окуучу мектеп бюджети тууралуу билиш керек? Жеке жана коомдук финансыны башкаруу тууралуу маалымат мектептин босогосун аттаганда эле берилиш керек.

Эмне үчүн окуучу мектеп бюджети тууралуу билиш керек? Жеке жана коомдук финансыны башкаруу тууралуу маалымат мектептин босогосун аттаганда эле берилиш керек. Ал эми бюджеттик процесске бардык деңгээлдерде катышуу укугу – бул ар бир жарандын ажыратылгыс конституциялык укугу. Бул укукту кантип ишке ашырып, финансылык билимди кантип туура колдонуу керек, канткенде мектептин акчасын ачык-айкын кыла алабыз – мына ушул суроолорду Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 21-22-ноябрь күндөрү өтө турган “Мектептин бюджети – менин бюджетим” семинарында Кыргыз Республикасынын мектептеринин мугалимдери жана жогорку класстарынын окуучулары эксперттер менен биргеликте талкуулашат. Семинар Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен биргелешип каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБнын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат (www.vap.kg).

Азыркы замандын жаранына ийгиликтүү жана бакубат жашоо үчүн юридикалык, жарандык жана коомдук контекстте гана укуктарын жана милдеттерин билүү аздык кылат. Ийгиликке жетүү үчүн бала кезинен тарта керектөөчүлүк жүрүм-турумдун жана жеке финансы чөйрөсүндө өзөктүү компетенциялардын негизи боюнча баштапкы билимге ээ болушу шарт (аманаттар, зайымдар, камсыздандыруу, салыктар ж.б.). Окуучулар жана алардын ата-энеси үчүн маанилүү финансылык маселелердин бири болуп мектеп бюджетин башкаруудагы ачык-айкындуулук жана натыйжалуулук эсептелет. Ошону менен бирге окуучуларда жана ата-энелерде бул процесстин чоо-жайын билүү жана чечим кабыл алууга катышуу укугу бар.

Жеке жана коомдук финансыны башкарууну жакшыртууда мугалимдердин жана окуучулардын активдүүлүгүнө дем берүү максатында 2014-жылдын жай мезгилинде Билим берүү демилгелерин колдоо фондунун, Москва Ачык билим берүү институтунун Экономика кафедрасынын жана Жеке инвесторлор клубунун катышуусу менен Өнүктүрүү саясат институту “Фин Билим Сити Муниципалитети” Жайкы мектебин уюштурган.

“Семинардын жүрүшүндө Жайкы мектептин негизинде тартылган “ФИН БИЛИМ СИТИ Муниципалитети же окуучулардын финансылык жана жарандык сабаттуулугун жогорулатуунун инновациялык механизми” аттуу тасманы көрсөтөбүз, - деди Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы Надежда Добрецова. – Мындан тышкары Жалал-Абаддан, Оштон, Баткенден, Кара-Балтадан, Ысык-Көлдөн келген биздин жигердүү катышуучуларыбыз буга чейин өз аймактарында өткөргөн окутуучу иш-чаралар боюнча отчет беришет. Буга кошумча биз Жайкы мектепте негизги машыктыруучу болгон Москва Ачык билим берүү институтунун Экономика кафедрасынын башчысы Александр Прутченков менен Скайп аркылуу байланышты уюштурабыз. Ал катышуучуларга финансылык сабаттуулук боюнча Олимпиада, финансылык жактан агартуучу апта, финансылык агартуучулук технологиясына басым жасаган Кудрин фондунун “Өзөктүк социалдык компетенциялардын мектеби” программасы жана “Окуучу үй-бүлөдө финансылык агартуучулук боюнча кеңешчи катары” аттуу технологиялар тууралуу айтып берет. Семинардын жыйынтыгы боюнча, катышуучуларга “Финансылык сабаттуулук жумалыгын” өткөрүү тапшырмасы берилет: мектептин бюджети боюнча коомдук угууларды, сүрөттөрдүн сынагын, ачык сааттарды, сурамжылоолорду ж.б.”.

Семинардын иши эки күнгө пландалган. Бул маалда катышуучуларга билим берүүгө укукту жана мектепти башкарууда коомчулуктун катышуу укугун ишке ашыруунун укуктук негиздери, ата-энелердин мектепти башкаруу үчүн уюм түзүү механизмдери, мектептин бюджети, структурасы жана киреше булактары боюнча коомдук угуулар, бюджеттин ачык-айкындуулугуна жетүүнүн механизмдери, ошондой эле угууларды өткөргөнгө чейинки жана андан кийинки маалымат өнөктүгү тууралуу маалымат берилет. Мектеп бюджети боюнча коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү тажрыйбасы менен Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ленин муниципалитетиндеги А.Тажибаев ат. орто мектептин жана Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Төрт-Күл АА Б.Мамбетов атындагы орто мектептин өкүлдөрү бөлүшөт.

Кенен маалымат алуу үчүн: Өнүктүрүү саясат институтунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль Жаманкулова, тел.: (0555) 313-385, (0770) 771-711, njamankulova@dpi.kg