Жаш изилдөөчүлөр үчүн “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу: абалы жана келечеги” аттуу ДОКЛАДДАР СЫНАГЫ

Жаш изилдөөчүлөр үчүн “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу: абалы жана келечеги” аттуу ДОКЛАДДАР СЫНАГЫ

Докладдар электрондук түрдө 2015-жылдын 20-февраль күнү саат 18ге чейин кабыл алынат.

Мөөнөтү – 20-февралга чейин. Байгелер – олуттуу!

Урматтуу студенттер, окутуучулар, илимий даражалардын ээлери, изилдөөчүлөр!

2015-жылдын март айынын башында (болжол менен 11-12-март күндөрү) жаш изилдөөчүлөрдүн “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу: абалы жана келечеги” темасына ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Конференциянын уюштуруучулары: Өнүктүрүү саясат институту, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик.
Конференцияга катышууну каалагандар баяндамачыга эскерткичте көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген докладды уюштуруу комитетине жибериш керек. Докладдарды конференциянын уюштуруу комитетине (Өнүктүрүү саясат институту) 2015-жылдын 20-февралына чейин жиберүү керек. Конференциянын уюштуруу комитети докладдарды тандап алып, авторлоруна конференцияга катышары тууралуу кабар берет. Мыкты деп табылган докладдар баалуу белектер менен сыйланат (болжол менен ноутбук, планшет, телефон, шыктандыруучу байгелер ж.б.). Катышуучулардын докладдары конференциянын материалдар жыйнагында жана “Муниципалитет” журналында басып чыгарылат. Жыйнак Китеп палатасында катталат.

Конференциянын тематикалык секциялары:

  1. жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруучулук-укуктук негиздери;
  2. жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ресурстары жана ишинин жыйынтыктары;
  3. муниципалдык кызмат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кадрлары);
  4. жергиликтүү өз алдынча башкаруунун коомдун өнүгүүсүндөгү ролу.

Жаш изилдөөчүлөргө жардам катары докладдардын болжолдуу темаларын Тиркемеден таба аласыз. Анткен менен баяндамачылар докладдын (изилдөөнүн) темасын өз алдынча тандай алат (темалардын тизмесин www.dpi.kg ӨСИ сайтынын негизги бетинин оң жагындагы “Сынактар жана вакансиялар” деген бөлүмүнөн таба аласыз).

Өз байкоолорунун жана изилдөөлөрүнүн жыйынтыгына негизделген докладдарга артыкчылык берилет. Басып чыгарылган рефераттар докладдар катары кабыл алынбайт.

Докладдар эки категорияга топтоштурулат: 1) студенттер; 2) окутуучулар жана окумуштуулар (анын ичинде изденүүчүлөр жана изилдөөчү-практиктер).

Докладдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде кабыл алынат.

Баяндамачыларга жардам катары жогорку окуу жайларында ачык лекциялар уюштурулат. Лекциялар өтчү жерди жана убактысын тийиштүү кафедралардан сурап билсеңиз болот жана Өнүктүрүү саясат институтунун сайтынан таба аласыз - www.dpi.kg “Сынактар жана вакансиялар” бөлүмү (сайттын негизги бетинин оң жагында).

Докладдын авторлоруна талаптар:

  • ЖОЖдун жогорку курсунда окуган студенти, 35 жашка чейинки окутуучу, окумуштуу, эксперт.
  • Докладдын темасы боюнча илимий жетекчинин болушу шарт (студенттер үчүн).

БАЯНДАМАЧЫЛАРГА ЭСКЕРТКИЧ

Доклад тандалып алынган темага шайкеш келиш керек; докладдын көлөмү А4 форматындагы 8 беттен ашпаш керек. Конференцияга катышуу үчүн тандалып алынган докладдар үчүн көрсөтмө материалдардын – Power Point программасында даярдалган презентациялардын болушу шарт. Оозеки докладдын узактыгы – 15 мүнөттөн ашпаш керек.

Конференциянын уюштуруу комитети докладдарды төмөнкүдөй критерийлер боюнча тандайт:

  • докладдын, изилдөөнүн темасынын актуалдуулугу;
  • докладдын, изилдөөнүн тереңдиги (изилдөөчүлүк мүнөзү, эксперименталдык материалдын колдонулушу, экономикалык натыйжалуулуктун эсептелгендиги, автордун сунуштары);
  • докладдын, изилдөөнүн өз алдынчалыгы;
  • материалды баяндап берүүнүн формасы;
  • докладды талаптарга ылайык тариздөө.

Докладды жасалгалоого карата талаптар:

Жасалгалоо Microsoft Word редакторундагы күүлөөнүн төмөнкүдөй параметрлери бар компьютерде орнотулган шаблондор боюнча жүзөгө ашырылат:

  • Times New Roman (Times New Roman Cyr) ариби, кадимки, өлчөмү – 12. Таблицаларда 10го чейин кичирейтүүгө уруксат берилет (текст батпай жатса);
  • саптар аралык интервал: А4 форматы – бир кабат; таблицаларда 10 пунктка чейин кичирейтүүгө уруксат берилет (эгерде текст батпай жатса);
  • сөздөрдү көчүрүү менен туурасынан теңдөө (таблицаларда теңдөөнү зарылчылык болсо колдонуңуз);
  • беттердин номуру төмөн жактагы колонтитулдун оң жагына коюлат (биринчи бет номерлештирилбейт).

Текстте сүрөттөргө жана таблицаларга уруксат берилет. Тексттеги сүрөттөр ак-кара түстө гана болуш керек, беттин астындагы жазуулар MS Word документинде терилиш керек.

Биринчи беттин үстүңкү оң бурчунда доклад жиберилип жаткан секция сөзсүз көрсөтүлүш керек. Андан кийин докладдын аталышы жазылат – баш тамгалар жана кара шрифт менен. Андан кийин авторлордун жана илимий жетекчинин аты-жөнү, анын илимий даражасы, окуу жайдын аталышы толугу менен жазылыш керек. Андан соң текст жазылып, соңунда библиографикалык тизме көрсөтүлөт.

Жогорудагы талаптарга жооп бербеген докладдар кабыл алынбайт.

Докладдар электрондук түрдө 2015-жылдын 20-февраль күнү саат 18ге чейин кабыл алынат.

Конференциянын уюштуруу комитетинин дареги:

Бишкек ш., Үсөнбаев көч, 44, Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсеси

Тел.: (312) 97 65 30,31, факс: (312) 97 65 29, сайт: www.dpi.kg

Байланыш үчүн: Күмүшбеков Нурдин, муниципалдык кызмат боюнча адис, e-mail: nkumushbekov@dpi.kg.