Бишкекте жаңы керектөөчүлөрдү электр менен жабдууну камсыздоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы көйгөйлөр талкууланды

Бишкекте жаңы керектөөчүлөрдү электр менен жабдууну камсыздоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы көйгөйлөр талкууланды

Талкуу бүгүн, 26-декабрда, Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жана "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун демилгеси менен өткөрүлдү.

2014-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин демилгеси менен “Жаңы керектөөчүлөрдү электр менен жабдууну камсыздоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы көйгөйлөр” темасында талкуу болуп өттү. Комитет талкууну Швейцария Өкмөтү тарабынан Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган жана “Өнүктүрүү саясат институту” мекемеси ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары - Долбоор) менен биргеликте уюштурду.

Иш-чара жарандарды электр менен жабдууга тиешелүү көйгөйлөрдү, ошондой эле жаңы керектөөчүлөрдү электр менен жабдууну камсыздоо маселелерин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорун талкуулоо максатын көздөгөн. Андыктан, талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары, КР Өкмөт мүчөлөрү, бөлүштүрүүчү ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын, жана ЖМК өкүлдөрү катышты. Талкуунун модераторлук милдетин Комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев аткарды.

Иш-чаранын катышуучулары менен саламдашуу сөзүндө “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун жетекчиси Бекболот Бекиев бул оорчундуу маселени колго алып чечүүгө кадам таштаган Жогорку Кенештин отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитетине жана мыйзам долбоорунун демилгечилерине ыраазычылыгын билдирип өттү. "Бүгүнкү иш-чара абдан маанилүү жана учурдагы актуалдуу маселелердин бири десем жаңылышпайм, - деди Б.Бекиев. - Атнкени, өзгөчө шаарлар менен айылдардын тегерегиндеги түптөлүп жаткан көптөгөн «жаңы конуштар» – учурда баардыгын толкунданткан темага айланууда жана анын маанилүүлүгү калктын өсүшүнүн жана ички миграциянын кесепетинен күндөн күнгө жогорулоодо. Чынында эле кайсы шаарга же айыл өкмөтүнө барбасаң негизги көйгөйлүү маселелердин бири катары жаңы конуштарды электр энергиясы менен камсыз кылуу маселесин көтөрүшөт. Баарыбызга белгилүү, республикада 453 айыл өкмөтү 31 шаар бар, бирок айыл өкмөттөрдүн 70-80 % дотацияда отурушкандыктан, жаны конуштарды электр энергиясы менен камсыз кылуу маселесин толук кандуу чечүүгө каржылык мүмкүнчүлүгү жетпей келүүдө. Ал эми райондук электр бөлүштүрүү ишканалары (РЭСтер) электр энергиясын бөлүштүрүүнү жана сатууну гана жүзөгө ашырып, ал эми жаңы конуштарды электр энергиясы менен камсыз кылууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына таандык кылып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен чечүүнү сунуш кылууда".

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы Кенжебек Бокоев өз кезегинде жаңы керектөөчүлөрдү электр жабдуу менен камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана учурдагы кырдаалга анализди жана мыйзам долбоору жаңы керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо маселелерин жөнгө салууга багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзам долбоорун тартуулады.

Кыргыз Республикасынын жарандарын электр энергиясы менен камсыздоо жаатында “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев сөз кылып өттү.

“Түндүкэлектр” ААКнын өкүлү ишкананын өз программаларынын алкагында өз ара аракеттешүү жана жаңы керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо маселелеринин талдоо жыйынтыктарын катышуучуларга тартуулады.

Жаңы керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоодогу көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору тууралуу өз сунуштарын “Элсен” коомдук бирикмесинин, “Юнисон” коомдук фондунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү айтып өтүштү.

Өткөрүлгөн талкуунун жыйынтыгы боюнча сунушталган Резолюцияны катышуучулар бир добуш менен кабыл алышты. Долбоордун укук маселелери боюнча адиси Бектур Орозбаевдин айтымында, бүгүнкү иш-чара өз максатына толугу менен жетти. "Иш-чара кабыл алынган Резолюция менен жыйынтыкталды. Бул - чоң жетишкендик, - деп баштады ал өз сөзүн. - Ал Резолюцияга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгеси менен даярдалган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзам долбоору жалпысынан жактырылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгеси менен даярдалган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзам долбоорун кыска мөөнөттүн ичинде карап чыгуу, жана Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети тегерек столдун катышуучуларынын сын-пикирлерин, сунуштарын жана сунуштамаларын көңүлгө алуу менен “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзам долбоорун Комитеттин отурумунда карап чыгуусу сунушталды".