Аксы районунун Тор-Камыш айылында сугат суу үчүн механикалык суу жеткиргич өткөрүлдү

Аксы районунун Тор-Камыш айылында  сугат суу үчүн механикалык суу жеткиргич өткөрүлдү

2015-жылдын 11-январында Жалал-Абад облусунун Кара-Жыгач айылдык аймагынын Тор-Камыш айылында ирригациялык системанын объектисинин ачылышы болот.

2015-жылдын 11-январында Жалал-Абад облусунун Кара-Жыгач айылдык аймагынын Тор-Камыш айылында ирригациялык системанын объектисинин ачылышы болот. Бул долбоор Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” (ЭҮЖӨБОЖ) Долбоорунун колдоосу алдында Кара-Жыгач айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тургундарынын биргелешкен аракети менен ишке ашырылды.
Тор-Камыш айылында сугат суу тартыштыгы байкалган кайрак үлүштөрдө жана короо жай участокторунда өсүмдүктөрдү өстүрүү менен алектенген 750 киши жашайт. Бирок суунун тартыштыгынан улам жергиликтүү тургундар бардык продукцияны башка жактан ташып турушкан. Анткени түшүм өстүрүп, аны алуу үчүн алар сууну да сатып алууга мажбур эле. Элеттик чогулуштардын биринде айылдык аймактын жашоочулары добуш берүү жолу менен Тор-Камыш айылындагы сугат суу тартыштыгын чукул арада чечилүүгө тийиш маселе катары аныктап алышты.
Айылды сугат суу менен камсыздоо максатында ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында жарыяланган Чакан гранттар программасынын сынагына катышуу үчүн табыштама берилген. Табыштамада сүрөттөлгөн долбоордун жалпы наркы 1 273 626 сомду түздү, анын ичинен 123 626 сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Табыштаманы карап чыккан Сынактык комиссия долбоорду ишке ашыруу үчүн 1 млн. сомго гранттык каражатты бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү калк да 150 000 сомго эмгек салымы түрүндө колдоо көрсөттү.
Гранттык долбоорду ишке ашыруу процессинде товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылды. Айыл өкмөттүн кызматкерлери мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу боюнча Долбоор уюштурган тренингдерден өтүштү. Бирок долбоордук жумуштардын башталышы создугуп кетти. Буга подрядчы уюмдардын квалификациясы талап кылынган деңгээлге шайкеш келбегендиктен жумуштарды сатып алууга тендердин үч жолу жарыяланганы себеп болду. Жыйынтыгында Кара-Жыгач АӨ өткөргөн үчүнчү тендердин натыйжасы боюнча анын жеңүүчүсү болуп “Мега-Прим” ЖЧК компаниясы табылды.
Долбоордук жумуштардын алкагында жерге байланыштуу иштер аткарылып, насос станциясы жана узундугу 410 метр болгон оргутуучу кубур өткөргүч курулду. Мындан тышкары насос станциясы үчүн аванкамера жана аталган станциянын имараты, ошондой эле сууну бөлүштүрүү үчүн суу кабыл алчу кудук да курулду. Жумуш кызуу жүрүп жаткан чакта элеттиктер бул иштерге жигердүү катышты: жер казышты, насос станциясынын имаратын курушту ж.б. Аба ырайы бузулуп, катуу суу түшкөнүнө байланыштуу курулуш жүрүп жатканда антфриз колдонууга туура келди, тоңуп калган жерди уруп түшүрмө балка менен казышты. Бирок бул кыйынчылыктарга карабастан бардык жумуштар өз убагында аткарылып, жаңырган жылдагы талаа жумуштарынын сезонунун башталышында Тор-Камыш айылынын тургундары сугат сууга жетип, 70 гектар жер сугарылмай болду.